Шаолинь монастырына саякат

Бул жакка балдар тогуз жашынан кабыл алынат.

Шаолин монахтары эт жебейт, кунг-фу менен талыкпай машыгуу алардын дени сак жүрүшүнө жардам берет. 

V кылымдын башында алгач бул жерде даос монастыры негизделген. Кийин аны буддисттер ээлеп калган.

Монастырда кытай жарандарынан тышкары башка өлкөдөн келгендер да машыгат. Кыргыз делегациясына өз чеберчилигин көрсөткөн бул адам Орусиядан келген.

Монастырдын тарбиялануучулары тогуз жаштан кабыл алынат. Бирок чыныгы монах аталыш үчүн түрдүү сыноолордон өтүү керек.

Лотос гүлү монастырдын негизги символдорунун бири.

Саргыч кийимчен монахтын бул жерде жашаганына 35 жыл болду.

Монахтардын көбү кытайлыктар. Алардын күнүмдүк жашоосу Буддага сыйынуу, кунг-фу машыгуулары менен өтөт.

Шаолин монастырында Африка өлкөлөрүнөн келип орун алып калгандар да бар.

Монастырдын ички көрүнүштөрүнүн бири.

Алгач монастырда тартип катуу болгону менен, азыркы кезде тарбиялануучуларга жумасына бир нече жолу телевизордон жаңылык көрүү, чөнтөк телефон менен колдонууга, жай музыка угууга уруксат берилген.

Монастырдын кылымдарды карыткан имараттарынын бири.

Монахтардын баары чачын алдырып жүрөт. Күндүн негизи бөлүгү Буддага сыйынуу менен өтөт.

Шаолин монастыры Борбордук Кытайдагы Суншан тоолорунун койнунан орун алган.

Чет мамлекеттерден келген расмий конокторго монастырдын тарбиялануучулары өз чеберчилигин көрсөтөт.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен эстелик сүрөт.