Боронов: Жер титирөөдөн жабыркагандар гана жардам алат

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

Ош облусунда 17-ноябрдагы күчү 7 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетин жоюу иши тууралуу "Азаттыкка" өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов айтып берди.

“Азаттык”: Министр мырза, жер титирөөнүн кесепети боюнча соңку маалымат кандай? Жарабай калган үйлөр, чыгым канча? Суук түшкөнчө баарына жардам берүүгө өкмөттүн чама-чаркы жетеби?

Боронов: Эки күн ичинде жарандардан түшкөн арыздардын негизинде 3400 турак жай канчалык жабыркаганы изилденип чыкты. 1-даражадагы болуп 670 үй, 2-даражадагы 1615, 3-даражадагы 725, 4-даражадагы 380, 5-даражадагы 10 үй деп эсептелди. Бул 19-ноябрдын кечинде алынган маалымат.

Комиссиялар жеринде дагы эле иштеп жатат. Бул эсеп же дагы өсүшү же азайышы мүмкүн. Себеби Алай районунда, мисалы, 151 үйдү жергиликтүү бийлик 4-категория деп маалымат берген болчу. Бирок биздин Мониторинг департаментинин адистери барып караганда анын 50 үйү 3-категорияга туура келери аныкталган. Башкача айтканда, айрымдар жеңил жарака кеткен же капиталдык ремонтко жарай турган үйлөрдү да бузуп кайра салуу же мамлекеттен жардам алуу үчүн 4-5-категорияга киргизүүгө аракет кылышкан. Мындай көрүнүш дайыма эле болот. Кээ бир тургундар абалдан пайдаланып калууну көздөйт...

Чайчы айылындагы жер титирөөдөн ураган үй

Андан тышкары 112 социалдык объект – мектептер, фельдшердик пункттар, бала бакчалар, маданий үйлөр изилденип чыгып, 1-категориядагы 43, 2-категория деген 30, 3-категориядагы 33, 4-категориядагы алты жай аныкталды. Алтоо мектептер экен. Кечээ Ошто өткөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин селектордук кеңешмесинде өкмөт башчы Курулуш жана архитектура агенттигине аларды ремонттоп, тез аранын ичинде ишке киргизүү тапшырмасын берди.

“Азаттык”: Ошондо жарабай калган үйлөрдүн жалпы саны канча болуп жатат?

Боронов: Такыр урап калды деген үйлөр 10.

“Азаттык”: Баары Чайчы айылындабы?

Боронов: Ооба, Чайчыда. Ал эми 4-категория дегенибиз жашоого болбойт, эртең жер дагы силкинсе, табигый кырсыктын таасирине туруштук бере албай урап калышы мүмкүн же араң эле турат дегенди түшүндүрөт. 3-категория болсо капиталдык ремонттон өткөрүп жашоого мүмкүн, негизги конструкциясы бузулган эмес жайлар. Мындай үйлөрдүн саны 725.

“Азаттык”: Жалпы чыгым канча сом деп бааланып жатат?

Боронов: Азырынча толук эсептеле элек. Комиссия иштеп жатат.

“Азаттык”: Айрым жабыркагандар чатыр, меш жетпей калганын айтып даттанууда...

Боронов: Жогоруда айтылгандай, эки күндө 3400 үйдү изилдеп чыктык. Ар бир короого кирип, үйдүн ичин, сыртын, конструкциясын карап чыгыш керек да. Бул оңой иш эмес. Жер титирөөдөн кийин биринчи эле күнү биз эсептеп туруп, кайрылгандардын санына жараша 50 чатыр алып барганбыз. Меш жок деген калп сөз. Меш бар. Бүгүн да 223 меш Оштон чыгат. Мындан сырткары кечээ 63 чатыр Чайчыга, 23 чатыр Алайга кетти.

“Азаттык”: Азык-түлүк жагынан да жардам берип жатасыздарбы?

Чайчы айылында темир меш жагып отургандар

Боронов: Бул жагынан азырынча эч кандай жардам бере элекпиз. Себеби 10 үйдөн башка бир да үйдүн малы же буюм-тайымы жарабай калган жок. Баары жайында.

Кээ бирлер "Бизге жылуу жууркан жана башкасын бергиле" деп айтып жатат. Мамлекет сөзсүз берет, эгер муктаждык болсо. Үйүндөгү төшөнчүсү жарабай калган жок, ошону алып чатырда жашаса болот да, туурабы?

“Чатырда жашоо мүмкүн эмес” деп жатышат. Ооба, мен кечээ өзүм барганда көрдүм, от жаккан эч ким жок. Кышка даярдык көрүш керек эле да ошол үйдөгүлөр. Көмүрү же башка кышка даярдаган отун-суусу болуш керек да.

Бирок, ошондой болсо да өкмөт башчы кечээ барганда бир-эки жерден мындай маселени чечти. 300 тоннадай көмүрдү аз камсыз болгон, муктаж үй-бүлөлөргө түшүрүп бере турган болдук жакынкы аралыкта.

Бирок азыр биринчи кезекте убактылуу жашоочу чатырлар менен камсыз кылууну аягына чыгарабыз. Чатыр жетпей калды дегендердики бир чети туура. Себеби биринчи 50 чатыр гана барган. Бирок андан кийин 60 чатыр барды Чайчыга. Бүгүн дагы барат.

Бир айга жакын чатырда жашап туруусун камсыз кылабыз. Андан кийин контейнерлер орнотулат. Бүгүнкү күндө өкмөт башчы Темир Сариев сүйлөшүп, 200дөй контейнер маселеси чечилди. Бизде атайын долбоорлор бар, ошолордун негизинде аларды жылуулап, пайдаланууга жеткирип беребиз.

Кыскасы, бир ай ичинде бүтүрүшүбүз керек. Бүтүрөбүз. Кышында элди суукта калтырбайбыз. Баарын сабырдуулукка чакырам.