Мектепке акча бербеген бала окуудан чыгабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте акча төлөй албай калганы үчүн басмырлоого кабылып, мектептен чыгарылды делген окуучунун окуясы ата-энелер менен коомчулукту бейпайга салган жең ичинен акча жыйноо көйгөйүнүн бетин ачты. Мектепке акча төлөөнү ыйзамдаштыруу зарылбы деген маселени жалпы талкууга чыгарды.