"Исфана" аэропорту оңдоп-түзөлдү

"Исфана" аэропортунда оңдоп-түзөө иштери 2019-жылы башталган.

Бул аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жасалган экен.

Аэропорт ички каттамдар үчүн ылайыкталган. 

Аэропорттун учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түзөт. 

Аэропорттун учуп-конуу тилкеси, рулёждук жолчосу, аба кемелерди токтотуучу жайы оңдолгон.

Геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлгөнүн, "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

"Исфана" аэропорту 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир учуп-конуу тилкеси бар. Бул аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жасалган экен.

Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты.