«Эркиндиктеги» жашоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дал ушул күндөрү «Эркиндик» бульварынын көркүнө көрк кошулуп турган чак. Таң эрте чуркаган кары-жаш, итин агыткан шаар тургундары, иш күнүнөн кийин сейилдөөгө чыккандар, балдарын ойнотуп жүргөн ата-энелер, китеп, балмуздак кармап, сүрөт тартып, гитарада ойноп чер жазган жаштар - айтор, баарын кезиктирүүгө болот. Бульвардын тарыхын, андагы кызыктарды, туристтердин пикирин, атмосфераны “Азаттык плюстун” кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.