Бишкек чычкан жылына кызуу даярданды

Жаңы жылдык белек. 

Астрологдор 2020-жылдын ээси болгон чычкан (ак чычкан) ташып, жыйнаган касиетке ээ болгондуктан быйылкы жыл байлыктын жылы болорун белгилеп жатышат.

Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолгон. 

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылды тосуу салтанаты кечки саат сегизде башталат. 

Аянттагы жаңы жылдык жасалга. 

Кечки Бишкек. 

Астрологдордун божомолуна ишенсек, 2019-жыл ишкерлик үчүн ыңгайлуу жыл. 

Адистердин айтымында, 2020-жылы негизинен ак жана күмүш түстөгү кийимдер модага айланат. 

Кышкы жомокко бөлөнгөн Ала-Тоо аянты.

Тилемчилик кылган аял майрам шаңын сезбегендей. 

Жаңы жыл алдында калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, дүкөндөрдө соода кызыды.

Ала-Тоо аянтында оюнчук сатып жаткан аял. 

Жаңы жыл алдындагы кечки Бишкек. 

Саналуу саттардан кийин 2020-жыл башталат. Астрологдор келе жаткан жыл байлыктын жылы болоорун айтышууда.