"Өлбөс полктун" жүрүшүнөн ирмемдер

Майрамдагы балакайлар.

"Өлбөс полкто" И. Сталиндин сүрөтүн да көтөрүп чыгышты.

Мемиреген уйкуңду эч кандай согуш бузбасын, балакай!
74 жыл мурда 9-майда Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бишкекте бул күндүн урматына «Өлбөс полктун» жүрүшү өттү. 

Жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталды. 

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен катышты.

Жүрүштүн катышуучулары.

"Өлбөс полк" жүрүшү.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы үй-бүлөсү менен чыкты. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды.

Согуш учурунда 150 кыргызстандык көрсөткөн эрдиги үчүн ар кандай даражадагы орден, медал менен сыйланган.
Алардын 72си Советтер Союзунун баатыры деген наамды алган. 

Ош шаарындагы борбордук аянтта Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерип, "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Жүрүш "Келечек" балдар борборунан башталып, борборук аянтка чейин уланды. Аягында Өчпөс отко гүлчамбар коюлду.
 

Аянтта театрлаштырылган маданий программа. Ош облусунда учурда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 35 ардагери калган. Тылда эмгектенген 960 ардагер бар. 

Жалпысы болуп, Ош облусунан согушка 85 миң адам аттанган.

Баткендеги Жеңиш майрамы.

Баткен.

Жапон автоунаасынан "жасалган" Т-34 танкы. Жалал-Абад. 

Жалал-Абад шаарындагы "Өлбөс полк" акциясына 10 миңден ашуун адам катышты. Иш-чаранын катышуучулары калаанын үч тарабынан жөө жүрүш менен Жеңиш багына карай жүрүштү.

Жүрүшкө айрымдар Орусиянын желегин көтөрүп чыгышты.  

Ал эми Ысык-Көлдүн Каракол шаарында "Мен чоң атам менен сыймыктанам" деген ураан алдында парад өттү. Иш-чарага жергиликтүү жетекчилер, облустагы бардык райондордон келген жергиликтүү тургундар катышты.

Кыргызстандык Азамат Асемкулов Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтүн көтөрүп, Москвадагы “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышты. Москва, 9-май, 2019-жыл

"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.