Соодагерлер митингге чыгышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө товары күйгөн жүзгө чамалуу соодагер Ак үйдүн алдына митингге чыгып, өкмөттөн компенсация талап кылышты. Андан ары Бишкектин Ленин райондук акимчилигине барып, зыянга туш болгондордун, күйүп кеткен товарлардын тизмесин тапшырмай болушту. Райондук администрация жетекчилиги өкмөт башчы тийиштүү тапшырманы бергенин, соодагерлердин талабы боюнча жакын арада бир чечим кабыл алынарын билдирди.