ЕАЭБ: Үзүлгөн үмүт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экономикабыз көтөрүлөт деген үмүтү акталбай тескерисинче артка кетти. Адистер айрыкча чакан жана орто бизнес жабыркаганын белгилешет. Бишкектеги ири базарлардын бири "Дордойдо” 18 миң контейнердин 6 миңи жабылды. 2016-жылы биримдиктеги Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 16% төмөндөдү.