Екатеринбургдагы баланын туугандары жардам сурайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Екатеринбург шаарында көчөдө калган баланын Кыргызстандагы туугандары “Азаттыкка” кайрылды. Көчөдө калган Болсунбектин атасынын карындашы Таалайгүл Орозова баланын ата-энесин издөөгө жана баланы Кыргызстанга алып келүүгө жардам сурайт. Екатеринбург шаарында төрт-беш жаштагы бала ата-энесин таппай, ооруканада убактылуу баш калкалап жатат. Кыргыз мигранттар баланы видеого тартып, 10-майда интернет аркылуу ата-энесине издөө жарыялашкан. Бала өзүнүн атын Болсунбек, атасынын атын Майрамбек, апасыныкын Гүлмира деп айткан. Көчөдө адашып жүргөндө аны милиция алып кеткенин дагы айткан.