Эгемендиктин 30-жылы: аянттагы аскердик парад

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган аскер парады Бишкектеги Ала-Тоо аянтында саат 10:00дө башталды.

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Параддагы аскерлер.

Эл алдында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери тууралуу айтып, өзү бийликке келгенде бюджет бош болгонун айтты.

Ак элечек кийген апалар.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. 30 жылда алты президент алмашты, алардын үчөөнүн бийлиги ыңкылап менен алмашкан.

Ала-Тоо аянтында параддан өтүп бара жаткан атайын техникалар.

Параддан өтүп жаткан маданият кызматкерлери.

Ош шаарындагы эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов элди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Ош шаарында бир нече боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштын көргөзмөсү өттү.

Бийчи кыздар.

Аскер парадын көрүү үчүн келген шаар тургундары.