Баткендеги үнөмдүү кубатка өткөн ишканалар

Бала бакчада. Исфана. Жалпы сүрөт.

«Жашыл планета» түрмөгүндө Баткендеги жылытуунун натыйжалуу түрүнө өткөн айрым ишканалардагы жагдайга токтолобуз.

Аймактарда отундун баасы өсүп, электр кубатына күч келгендиктен айрым айылдарда жарык тез-тез үзгүлтүккө учурап жатат. Баткенде бир тонна көмүрдүн баасы тогуз миң сомдон ашкан маалда эл аралык уюмдардын көмөгү менен айрым социалдык мекемелер үнөмдүү энергия булактарына өткөрүлүп жатканы маалым болду.

Туруктуу микроклимат - так анализ

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эки кабаттуу имаратына 31 жыл болуптур. Кийинки жылдары чатыры, терезе, эшиктери жаңыртылып, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

«Совет доорунда, 1989-жылы курулган. Чатырын, айнек, эшигин алмаштырдык. Имараттын абалы жакшы. Бирок бизде кээ бир жабдыктар эскирген. Мисалы бактериологиялык лабораторияда», - деп ишканын жетекчиси Мусратилла Исканов ишкананын төрүндө орун алган имаратка бизди ээрчитип кирди.

Буга чейин кышкысын ишкананы жылытуу өзүнчө эле түйшүк болчу. Тиричиликте колдончу электр жылыткычтардан сырткары кадимки көмүр жагыла турган темир мештер турган ишканага өткөн жылы эл аралык уюмдардын көмөгү менен энергия үнөмдүүчү жылытуу жабдыктары коюлуп бир катар маселе чечилген.

Бактериологиялык лабораториянын башчысы Зебинса Эшмурзаева:

«Адамдар анализдерин алып келген учурда, дагы башка себептерден улам келип калгандар биздин суук коридордо күтүп калышчу эле. Кадимки эле буржуй мешин жагат элек. Албетте, анын түтүнү чыгат эле. Лабораторияга болсо электр жылыткычтарды сайчубуз. Ошондой болсо да бөлмөлөр жылычу эмес. Эми бул жылытуу насостору орнотулуп жагдай оңолду. Кыйла түйшүктөн арылдык», - деди.

Бактериологиялык лабораториянын башчысы Зебинса Эшмурзаеванын сөзүн Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Мусратилла Исканов улады:

Мусратилла Исканов.

«Чындыгында имараттын кээ бир бөлмөлөрүн буржуй печкеде көмүр менен эле жылытчубуз. Эми мынтип Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Энегияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо» долбоорунун жана ОПЕК фондунун колдоосу менен аба аркылуу жылуулук берүү насостору орнотулгандан бери кыйла жакшы болуп калды. Бул жылуулук системасы электр энергиясын аз камсыз кылганы менен бөлмөлөрдү кыска убакытта керектүү температура менен камсыз кыла алат экен. Бул жагдай биринчи кезекте адистердин саламаттыгына оң таасирин тийгизет. Ошондой эле лабораториянын ишине зарыл болгон 18-22 градус температуранын бир калыпта сакталышы буга чейин таптакыр болгон эмес. Бул анализдерди, изилдөөлөрдү, реакцияларды жүргүзүүдө так натыйжаларды бергенге жана жабдыктардын жакшы иштешине жардам берет».

Мусратилла Исканов сөз кылган ишканага ылайыкталган аба инверторлору кышында жылуулукту, жайкы саратанда салкын абаны бир калыпта сактап берип турат.

«Бул Сүлүктү лабораториясында жасалган анализдердин так чыгышына кыйла таасир этип жатат, - дейт Исканов. - Анализдердин так чыгышы негизги үч нерсеге көз каранды. Биринчиден, жабдыктардын иштеши, экинчиден ар бир адистин сабаттуулугу, андан кийинки жагдай - бул лабораториядагы, айрыкча жабдыктар турган бөлмөдөгү жердеги микроклимат. Биз жогоруда сөз кылган туруктуу температура гана анализдин натыйжасында мүчүлүштүктөрдү минимумга түшүрөт».

Мусратилла Исканов учурда кээ бир эскирген жабдыктарды жаңылоо үчүн тийиштүү жактарга кайрылып жатканын кошумчалады.

16 адам иштеген ишканада бир жылда орто эсеп менен сегиз миңдей анализ жасалып турат. Эң көп кайрылган кардарлардын катарын шахтёрлор жана мугалимдер түзөт экен.

Күн нуру менен жылыган алгачкы бала бакча

Энергетикалык жактан натыйжалуу жылытуу системасына өткөн кийинки ишкана Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жайгашкан. Толугу менен күн энергиясын колдоно баштаган Баткендеги алгачкы бала бакчаны чатырында турган коллекторлордон эле таап алса болот.

«Мырзайым» балдардын билим борбору эки жыл мурда ачылган. Тарбиялануучулардын дээрлик көпчүлүгү мигранттардын балдары. Билимкана борбордогу бала бакчалардан кем калышпагандай. Ажаткана, спорт аянтча, ашканасы ичинде. Бардык бөлмөлөрүнө, коридоруна жана тепкичтерине килем төшөлгөн.

Мен балдар борборун негиздеген Гүлнара Дербишевадан энергия эң актуалдуу болуп турган кезде мындай системага кандайча өтүп калганынын таржымалын сурадым.

«Бизде электр тез-тез өчөт, - деп түшүндүрдү ал. - Андай күндөрү сабактар да токтоп калат. Тамагыбыз жасалбай, сыртта очокко жасап келсек бат эле муздап калчу эле. Жылытуу эң чоң көйгөй болчу. Электр өчөрү менен жылуу сууну айландырып жаткан насостор токтоп, алеки заматта бакчанын ичи музга айланчу. Балдарды бат-баттан кийиндиргенге аргасыз болор элек. Насостор токтоору менен туалетибизде да, кудукта да суу чыкпай калат. Кыскасы электр күйгөнчө тиричилигибиз токтоп турчу. Жакында БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Энергияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо» долбоорунун жана ОФИД фондунун колдоосу менен фотоэлектр станциясы орнотулду. Андан бери жарык өчсө да эч кандай үзгүлтүксүз эле балдарга тамак-ашты убагында берип, жылуу сууга колу-бетти жууп калдык».

Электр станциясы күн энергиясын тосуп алган күчү 2 кВт панелдерден, электр топтолуучу 12 аккумулятордон жана инвентордон турат. Инвентордун кызматы – аккумуляторго келип топтолгон 12 вольттук туруктуу токту биз күндөлүк турмушта колдонгон 220 вольттук өзгөрүлмө токко айландырат.

«Эң кубандырганы - бул системанын баары автоматташкан, - деп сөзүн улады Гүлнара Дербишева. - Жарык өчөрү менен өзү иштей баштайт. Эгер электр энегиясынын күчү жетпей жатса, бир эле кнопканы басып коюу менен күн энергиясына өтүп кетебиз. Мурда электр өчүп бакчанын ичи муздап, балдар тез-тез ооруп калышчу. Ата-энелер да нааразы болушар эле. Ошондой эле жылуу пол кылдык. Балдар жылаңайлак басканда суук тийбеши үчүн».

«Мырзайым» бакчасында бөбөк үйү, орто жана мектепке даярдоочу үч тайпада 70 бала бар экен. Биз аябай кыжы-кужу үндөр чыгып жаткан орто тайпанын окуу бөлмөсүнө баш бактык. Үч-төрт жаштагы балдар сүрөт тартып жатышыптыр. Тарткан сүрөтүн мага кайра-кайра көргөзгүсү келип жаткан төрт жаштагы мойтойгон баланын аты Мезгил.

- Эмнени тарттың?

- Саабииз!

Мезгилдин Орусияда иштеген апасы жакында эле келген экен.

Балдар бакчасы мигранттардын балдары үчүн түзүлгөндүктөн сабактар орус тилинде жүргүзүлөбү деп сураганымда борбордун жетекчиси Гүлнара Дербишева себебин мындай түшүндүрдү:

«Мигранттардын балдары үчүн ачылгандыктан, алардын өтүнүчү менен орус тилинде сабак беребиз. Алар аябай суранышат, «чоңоюшса өзүбүзгө кошуп Орусияга алып кетебиз» деп. Анан мен аларга: «Силер андай максат койбогула! Биз мигрант даярдабайбыз. Биз билим беребиз. Башка тилдерди да үйрөнүшсүн. Андай ойдон алыс болгула», - деп катуу тирешебиз. Ошондуктан бизде англис тили да тереңдетилип окутулат. Менимче балдар орус тилинен башка, англис, кытай, түрк тилдерин да үйрөнүшсө дейм».

Башка билим борборлорунан айырмаланып бул жерде миграция сабактары да өтүлөт экен.

Гүлнара Дербишева.

«Биздин Исфана шаарынын эли көп улуттуу. Биздин борбордо сегиз улуттун өкүлдөрү бар. Биз бир жаштан 14 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз. Кенже балдар бала бакчадай тарбияланат. Андан сырткары жети жаштан 14 жашка чейинки балдар күндүзгү эки сааттык сабактарга келип кетишет. Алар тил үйрөнүү сабактарынан сырткары ораторлук чеберчиликке, лидерликке, ыктыярчылыкка үйрөнүшөт. Социалдык борбор болгонубуздан кийин бизде төлөм аябай арзан. Ай сайын символикалуу 2000 сом төлөшөт. Тапканыбыз тарбиячыларга, тамак-ашка, коммуналдык төлөмдөргө араң жетет. Кейиштүүсү - биздин мигранттар балдарынын келечегин миграцияда көрүп жатканы. Алар алыскы келечегин да миграция менен байланыштырат. Ата-энелер балдарын кадимкидей эмгек миграциясына даярдашат. Мектепти бүткөн бала ЖРТдан өтпөй калдыбы - дароо эле ойлонбостон Орусияга жиберип коюшат. Мына ушундан улам ата-энелер, балдарды карап калган чоң-ата, чоң энелер менен тез-тез жолугушууларды, телефондон сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турабыз. Миграция сабактарынын эң башкы максаты - миграцияга балдарды даярдабай, башка мүмкүнчүлүктөрдү тапканга көмөк көрсөтүү. Балдарга китеп окуп беребиз. «Аларды үйдөн да китеп окуткула» деп ата-апаларды кыйнайбыз. Алар капа болушат. Кайра-кайра айта беребиз», – деп түшүндүргөн жетекчи Гүлнара Дербишева мага балдар борборуна байланыштуу келечек пландары менен да бөлүштү. Алардын бири - өспүрүмдөр үчүн коворкинг ачуу.

Үнөмдүү жылытууга өтүп чыгаша төрт эсе азайды

Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан Жинжиген айылы эски көмүр шахталарынын урандыларынын колтугунда орун алган. Өткөн жылдардагы кыш айларында электр жылыткычтарын сайып, буржуй мештерин жагып кыйынчылык көргөн айылдык ФАП үчүн быйылкы чилде жеңил өтчүдөй.

Биз баш баккан учурда медпункттун фельдшери Канзада Атазова айылдын келиндерин текшерип жаткан экен.

Баткендик дарыгер айым бейтапты көрүүдө.

- Кан басымың кечээ 100/60 болгон экен, бүгүн 90/60 болуп калыптыр. Дарыгер жазып берген дарыларды ичип жатасыңбы?

- Ооба. Токсикоз бир аз кайтты. Кыйналбай калдым, - деп жооп берип жаткан 28 жаштагы Жумагүл Жоробекова - төрт баланын энеси.​

Жаңы имарат ачылгандан бери ал ФАПка дээрлик күн сайын каттап калыптыр. «Мурда айылдын эң башында бузулган имаратта эле. Эч кандай шарттары жок болчу. Ал кезде фельдшер үймө-үй кыдырып текшерип кетчү. Азыр болсо мындай жылуу, таза, жарык бөлмөлөрдө кабыл алышат», – дейт кубанып Жумагүл Жоробекова. Ошондо гана жаш энелер ФАПтын ичинде бут кийимсиз эле басып жүргөнүн байкадым.

Канзада Атазова.

«Бизге быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Энергияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо» долбоорунун алкагында аба аркылуу жылуулук берүү жабдыктары орнотулду. Бул жылуулук системасы электр энергиясын аз камсыздаганы менен бөлмөлөрдү кыска убакытта керектүү температура менен камсыз кыла алат экен» - дейт фельдшер Канзада Атазова ФАПка экскурсия жасап жатып.

Долбоордун жетекчиси Кумар Кылычев жаңы технологиянын жардамы менен иштеген система каражатты үнөмдөөдөн сырткары, абанын азыраак булганышына да жол ачарын айтат:

«Бул жөнөкөй электр жылыткычтардан айырмаланып, кыйла натыйжалуу. «Gree U-Crown A+» классындагы сплит-система муздатуу режиминде турганда энергетикалык натыйжалуулук коэффициенти 7,5, жылытуу режиминде 5,1 жетет. Бул система электрди колдонууда 7,5 эсе көп жылуулук берет деген кеп. Үнсүз моделдери -30 градус болгон экстремалдуу аяздуу күндөрү саналуу мүнөттө бөлмөнү жылыта алат. Бул жаңы технология, кайра толукталуучу энергия булактарына кирет. Эми мындан ары башка ишканалар да бул системага кызыгышы мүмкүн. Кадимки электр жылыткычтар иштеткен жарыктын акысы менен салыштырганда кыйла айырма чыгышы мүмкүн».

Чыны менен энергетикалык жактан натыйжалуу бул жабдыктар коюлгандан бери жылуулук үчүн кеткен чыгаша төрт эсе азайган. Тагыраак айтканда Жинжиген ФАП бир айда төрт миң сомдук көмүр жагып келген болсо, соңку айда электр энергиясы үчүн миң сомдон ашыгыраак эсеп дүмүрчөк келген.

Адистердин айтымында мындай аба жылыткычтары элетте эмес, шаар жеринде да көп тарай элек. Муну алар коомдун жашыл энергия тууралуу маалыматы аздыгы менен түшүндүрүшөт.