«Хан-Теңри» хоккей командасынын жеңиши

«Хан-Теңри» командасынын дарбазачысы. 

Мелдештин жүрүшүндө «Хан-Теңри» командасы жеңүүчү болду. Ал финалда «Кыргыз темир жолу» командасын 6:4 эсебинде утуп алды.

«Кыргыз темир жолу» кубогуна Бишкектик үч команда, Нарын облусунан бир команда катышты.  

Мелдеште төрт команда: «Арстан», «Барчын» «Кыргыз темир жолу» жана «Хан-Теңри» командалары өз ара ойноп, эң көп упай топтогон эки команда финалдык беттеште күч сынашты.

«Хан-Теңри» командасынын оюнчулары эс алуу учурунда. 

Мелдеш көрүүчүлөрсүз өттү. 

«Кыргыз темир жолу» кубогу быйыл биринчи жолу өтүп жатат. 

«Хан-Теңри» командасынын оюнчулары жеңишине сүйүнүп жаткан учуру. 

2022-жылы Бээжинде кышкы Олимпиада оюндары өтөт. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы быйыл ноябрь айында Люксембургда өтө турган тандап алуу оюндарына катышат. 

Кыргызстандын Хоккей федерациясы билдиргенине караганда, өлкөдө хоккей боюнча жаштар жана чоңдор арасында 20га жакын команда бар. 

Бишкекте хоккей боюнча «Кыргыз темир жолу» мекемесинин кубогу үчүн мелдеш өттү. Ага 4 команда катышып, жыйынтыгында «Хан-Теңри» командасы жеңүүчү болду.