"Адам укуктары боюнча сунуштар аткарылбай калууда"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам укуктары боюнча кеңеш соңку эки жылда мамлекеттик бийлик органдарына элүүгө чукул сунуш берген. 18-апрелде Бишкекте өткөн талкууга катышкан укук коргоочулар, мамлекеттик мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер сунуштардын аткарылышын талдашты. Кеңештин төрайымы Гүлжамал Султаналиева "Азаттыкка" берген маегинде соңку эки жылдагы берилген сунуштар боюнча айтып берди.