Аскерлер ири машыгууга даярданууда

Ок атууга камынып жаткан жоокер.

Аскердик техникаларда машыгуу 24-мартта башталган. 

“Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгуу 1-3-апрель күндөрү өтөт. 

Жалпысынан машыгууга 2 миңдей адам, 100гө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20 чакты артиллериялык система жана 10дой авиациялык техника тартылат. 

Машыгууга катышып жаткан жоокер. 

Жоокерлер аскердик кошуундардын жана техниканын күжүрмөн абалдагы шартта макулдашылган аракеттерин ишке ашырууну үйрөнүшөт.

 

Жоокерлердин машыгуу талаасы.

​Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.

Кыргызстандын армиясынын аскердик контингенттери эл аралык аскердик машыгууларга такай катышып келет.

Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары кыргыз армиясына дээрлик көңүл бурулган эмес. Кыргыз армиясы 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери Баткен аймагына кирип келгенде чоң сыноону баштан өткөрдү. Баткен согушу кыргыз бийлигин армиянын курал-жарагын чыңдап, күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө аргасыз кылды.

 Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын катарында бүгүнкү күндө болжол менен 16 миңдин тегерегинде аскер кызмат өтөйт.

Генералдык штаб - Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн ыкчам башкаруучу борбордук аскер органы болуп саналат.  Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумуна Кургактагы аскерлер, Абадан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия кирет.

Кыргызстанда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгууларга даярдык жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар 1-3-апрель күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.