Үркүн сүрөтчүнүн көзү менен

Сүрөтчүнүн бул темага кайрылып калуусуна бала кезинде чоң энесинен уккан 1916-жылкы кыргында эмчектеги баласын сактап калуу үчүн 13 жаштагы кызын бир чыны талканга саткандар жөнүндө баян таасир берген.  

"Эмгектер май боек менен иштелет, кагазга да тартылат. Ошол эле учурда заманбап ыкмаларды да колдоном," - дейт Шыгаев.    
 

Калемгер Үркүн темасын кенен изилдеп, бул окуяга катышкан Ван кыргыздары менен да жолуккан. Түркияда жашаган 1916-жылы түндө айдын жарыгында төрөлгөн Айкөкүл байбиче менен кездешип, ал кишинин жакындарынын, анын бейнесин тарткан. 

Кыл калем чебери образдарды ачууда негизинен архивдик материалдарга таянганын белгиледи. Чыгармаларында фото документтерди да камтыган. 

Шыгаев бул тема боюнча жараткан эмгектеринде падышалык Орусиянын кыргыздарды тукум курут кылуу саясатын берүүдө искусствонун дипломатиясын да эске алганын белгилейт.

“Мен орус падышачылыгынын миңдеген кыргыз элин кыргынга салган окуясын чагылдырууда дүйнөдөгү башка улуттарга болгон тукум курут саясатын карап чыктым. Латын Америкасынын, Испаниянын, Франциянын башына түшкөн кыйын замандарды, аны искусстводо кантип чыгылдырышканын окуп, Үркүндү да алардын окуясы менен үндөштүрүп, коллаж кылып, бүткүл дүйнөлүк деңгээлге алып чыктым. Максатым элге Үркүн жалгыз эле кыргыз элинде эмес дүйнөнүн бардык жеринде болгонун түшүндүрүү” - дейт белгилүү сүрөтчү "Азаттыкка"
 

Автор "Үркүн" долбоору толук бүтө элегинен улам сериядагы эмгектердин аттары азырынча тактала электигин айтты. 

Кыл калем чеберинин 1916-жылкы окуяга байланышкан 100 сүрөттөн турган жеке көргөзмөсү май айында Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылат.

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан

Юристанбек Шыгаев "Үркүн" сериясынан