“Улуттук кызыкчылыктын жоктугу келечекти талкалайт”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Сыябан-маектин” кезектеги коногу - белгилүү сүрөтчү, “Көчмөндөр оюнунун”, Бишкек шаарынын эн белгилеринин, баш калаа байрагынын автору, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын ээси Майрамкул Асаналиев. Сүрөтчү өзүнүн чыгармачылыгын тыгыз байланыштырган “Манас” эпосундагы баалуулуктар, даанышмандардан алган сабагы, улуттук өзөк, эс тутум, маданиятка мамиле, сөздүн кадыры тууралуу ойлору менен бөлүштү. Сүрөтчү өзү багып келаткан кыргыз тайганынын таржымалын баяндады.