Аксы окуясына 10 жыл

2002-жылы 17-мартта Кыргызстандын жаңы тарыхында бийликтин аракетинен улам алгач ирет кан төгүлүп, алты бейкүнөө адам каза тапкан. Аксыда бийлик элге кантип ок аткан?
Адегенде Аксы районунун борбору Кербен айылына бара жаткан нааразы элди Боспиек айылына жакын жерден милиция токтотуп, ок атканда беш адам көз жумган. Кийин дагы бир киши Кербен айылында ок жеген.

Аксы окуясы боюнча сот кайра-кайра жанданып жүргөнү менен куралсыз элге ок атууга ким буйрук бергендиги азыркыга чейин аныкталбаган бойдон калды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксы: бийлик элге кантип ок аткан?