Мамлекеттик сыйлыктар: жулунгандар алып, сыпайылар кала береби?

Президент Роза Отунбаева Апрель ыңкылабынын каармандарына сыйлык тапшырууда,

“Арай көз чарайда” бул жолу мамлекеттик сыйлыктарды ыгйаруунун оош-кыйыштары талкууланды.
Ага Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшен Абдразаков жана “Айкөл Эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов катышты.

«Азаттык»: Ар кайсы булактарда эгемендиктин 20 жылдыгына байланыштуу сыйлык алам дегендер опсуз көп болуп жаткандыгы айтылып жатат. Бүбүкан айым, мындан жарым жыл мурун «Азаттыктагы» талкууда айттыңыз эле, жулунгандар алып, сыпайылар кала берет экен, аларга жол бербеш керек деп. Жол бербештин жолу табылып жатабы азыркы сыйлык үчүн жарышка түшкөндөрдүн кым-куутунда?

Бүбүкан Досалиева: Албетте жулунгандарга жол бербөөнүн негизги чеги бул мыйзам. Мыйзамга азыр өзгөртүүлөр киргизиле элек, андай чекти механикалык түрдө эч ким коё албайт. Бул абийирге, уятка, нысапка байланыштуу нерсе экен. Азыр мамлекеттик сыйлыктарды алам дегендердин саны абдан көп. Мисалы, комиссияга келип түшкөн сунуштардын саны миңдин тегерегинде болду. Алардын мыйзамдуу туура даярдалып келгендери 600 тегерегинде, алар каралып жатат. Тилекке каршы алардын бардыгы сыйлык албашы бештен белгилүү.

«Азаттык»: Кайсы критерийлерге таянып тандалып жатат ушу тапта?


Бүбүкан Досалиева: Эң негизгиси 20 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикалык, социалдык, интеллектуалдык, рухий жактан өнүгүүсүнө кандай салым кошту деген суроонун тегерегинде салмактанып жатат, комиссиянын жыйыны болуп өттү, азыр жарлыкты даярдоо процесси болуп жатат, ал узак убакытты талап кыла турган процесс. Бирок тилекке каршы сунушталып келген 600гө жакын адамдардын көпчүлүгү 20 жылда Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар кандай тармактардын өкүлдөрү эмес, көбүнчө азыркы иштеп жаткан адамдар болуп калды. Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген 72 майрам бар. Ушул 72 майрам убагында ала турган адамдар келип калышты. Анализден чыккан жыйынтык боюнча, бул Кыргызстандын ар бир маселесине, анын ичинде сыйлык алуу маселесине мамлекеттик деңгээлде мамиле жасабагандыктын натыйжасы деп эсептейм.

«Азаттык»: Эмне үчүн узак жылдардан бери адамдардын аң-сезиминде сыйлыктар калыс бөлүнбөйт деген түшүнүк орноп калган? Элдин көзү көрөгөч дегендей, чын эле калыстык болбой жатабы, чын эле комиссия ар кандай басымдарга, дос-туугандыкка, тыйын-тыпырга алдырып жиберип жатабы?

Бейшен Абдразаков: Үч нерсе менен сыйлык берилет. Биринчиден, бийликте иштегендер өздөрүнүн тааныш тууган уруктарын өткөрөт, экинчиси, акчанын күчү менен, үчүнчүсү, жердешчилик. Сыйлык алыш миң доллар болчу. Мен куруучулар күнүнө документтерди бергем, ошондо миң доллар сурашкан, мен бербей койгом, ошон үчүн өтпөй калгам. Буга чейин ушундай болуп келген. Эми революциядан кийин кандай экенин айта албайм. Кесиптик майрамдарда комиссиянын мүчөлөрүндө кайсы кесиптен көп болсо, ошол кесиптен өткөргүсү келет. Кызматын баалап бергендер бардыр, бирок туура эмес алгандар да көп. Көбүнчө революцияга катышкан деп элдин баарына берип атат, бул да туура эмес.

Бүбүкан Досалиева: Тилекке каршы үч критерий - сөзсүз түрдө тыйыны менен, таанышы, же жердешчилиги менен берилчү деген көз караш калыптыр. Менин бул жерде иштегениме бир жылдан ашып калды, ушундайды жоготууга аракет кылып атабыз. Азыр ар бир мыйзамдарга ыйлайыкталып келген сунуштун баары комиссияга чыгарылат, сунуш берген министрлердин сунуштары көчүрүлүп берилип, добуш берүү менен чечилип атат. Мен ачык айта алам, 90-95 пайыз азыркы кезде эч бир таанышы, акчасы жок эле алып атышат.

«Азаттык»: Эдил мырза, сиз ушул маалыматты чын деп ойлойсузбу, анан эмне үчүн калыс берилбейт, бөлүнбөйт деген пикир орноп калды, мунун чын-бышыгы барбы?

Эдил Байсалов: 20 жылдын ичинде бузулган бул система, мурда президенттин өзүнүн балдызы ошол жерди башкарган, ал пара алып, же желдеттерине берчү. Бирок башынан система туура эмес болуп түзүлүп калган. Кыргыз Республикасы мамлекеттик сыйлыктарды киргизгенде Коммунисттик партиянын системасын алып алганбыз. Булар мүнөздөмө чогултуп келиш керек, өз башчысынан, акиминен ж.б. толтура кагаз толтуруш керек. Мамлекеттик сыйлык кандай болуш керек? Кандайдыр бир жетишкендик болсо, конкреттүү жетишкендик үчүн бериш керек. Экинчи жагынан абийир деп атабыз, абийирдүү адам чуркабайт мага сыйлык бер деп. Бул толугу менен туура эмес система, аны толугу менен өзгөртүш керек.

Бүбүкан Досалиева: Азыр ар бир мамлекеттердин мыйзамдарын карап, тажрыйбаларын топтодук. Президент Роза Отунбаева да айткан, кагаздардын баарын жыйнап отурбай эле, татыктуу адамдарга бере турган механизмди киргизиш керек деп. Ал үчүн мыйзамдарды оңдош керек. Азыр кагаздарды мыйзамсыз жыйнатсаң, эртең жооп беришиң мүмкүн, жөн эле таанышына мыйзамсыз берди деген сөздөр чыгат. Бул жерде коомчулуктун басымы жок болуп атат, коомчулуктун кайдыгерлиги болуп атат. Ошондуктан коомчулуктун басымын көбөйтүп, коомчулук активдүү болуш керек.

«Азаттык»: Эл ичинде сыйлык албайм деген киши сейрек учурайт экен. Анын бардыгына сыйлык бергенге бир жагынан өкмөттүн каражаты туруштук бере албайт, экинчи жагынан сыйлыктын баркы кетет. Ушундай жагдайда кантип аракеттенүү керек, кантип бул жагдайдан чыгуу керек?

Бейшен Абдразаков: Өзгөчө ушундай өткөөл убакта, же революциядан кийин дейбизби, элдер активдүү болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушуну бир-эки жылга чейин катуу кармаш керек, андан кийин өзүнүн жолуна түшүп калат. Элдердин кызматына карап, эмгек сиңиргенден кийин бериш керек. Бизде көп наамдарды кыскарталы деген сунуш болгон Жогорку Кеңеште, кээ бири кайра киргизели деген да сунуш болгон. Ошон үчүн кайра киргизсе киргизиш керек. Мисалы бизде манасчылар бар да, аларга Эл артисти дегенди кантип беребиз, ошон үчүн манасчы дегенди киргизиш керек. Мүнүшкөрчүлөр, улактартуучуларга спортчу дегенди кантип беребиз. Ошон үчүн улуттук оюндарга жараша кошумча сыйлыктарды киргизсе болот.

Эдил Байсалов: Менин оюмча, баркы кеткен. Мисалы “Данк” медалды убагында Акаевдин бийлигин бекемдеш үчүн, кызмат үчүн алышчу. Азыр эмне үчүн “Даңк” медалын алмак элек. Мунун баарын оңдош керек. Бизде мамлекетке карап турбастан коомдук сыйлыктарды да киргизиш керек, манасчыларга, коомдук спортчуларга берип даңазалап туруш керек. 20 жылдан бери мамлекет эч кандай моралдык ж.б. жактан жарандарды сыйлай албайт. Аны тилекке каршы акыркы бийлигибиз аны оңдоп, кайра калыбына келтире алган жок. Булардын баарын башынан жоюп, кайра оңдош керек. “Манас” ордени 1-2-3 даража деп берилет. Бул толугу менен бизге жарашпаган Европа системасынан.

Бизде жаңы замандын баатырлары жок. Мына Украина, Орусия, Өзбекстан, Казакстанда жаңы баатырлар чыкты. Бизде эски адамдарга бирден бердик Айтматовдон баштап Усубалиевге чейин. Бизде эмне баатырлар жокпу? Бизде канча жетишкендиктерибиз болуп атат? Акаев дагы, Бакиев дагы, Отунбаева дагы өзүлөрү провинциалдык деңгээлдеги, обкомдун деңгээлдинде иштеген адамдар. Булар мамлекеттик башчы катары идеологияны, жаңы багытты көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан ким жаңы баатыр, ким жаңы замандын ролдук модели экенин көрсөтө алышкан жок.

Бүбүкан Досалиева: Эң негизги сыйлоого негиз берген мыйзамдарды оңдош керек. Ошол мыйзамдар 96-жылы түзүлгөндө жалпы жазылып калган, тандоо критерийи так эмес. “Даңк” медалын кандай жетишкендик үчүн, эмне үчүн алыш керек деген суроо туулат.

Эдил Байсалов: Аны мамлекет башчы жалгыз өзү чечет.

Бүбүкан Досалиева: Азыркы Конституция боюнча бул мыйзамдарды оңдоо укугу Жогорку Кеңешке берилген. Ошон үчүн бүт тажрыйбаларды жыйнап коюп киргизе албай отурабыз. Бул жерде тандоо критерийдин жоктугунан, сунуш берип аткан адамдардын, жетекчилердин жеке жоопкерчилигинин жоктугунан болуп атат.

Эдил Байсалов: Мамлекеттик сыйлык жалгыз мамлекет башчысынын колунда. Ал кааласа бир кагазды топтобостон эле фронтко барган адамга жаңы пагон тагып, же жаңы баатырлык берчүдөй укугу бар. Ал конституциялык түздөн-түз бир укугу.

«Азаттык»: Сыйлыктарды өзүнүн ирети, критерийлери менен бериш керек деп эки тарап бир кызыкчылыкта, бирок көз караштар ар башка болуп атат. Сыйлыктардын кереги жок деген да көз караштар бар. «Азаттыктын» угарманы айтып атат, сыйлыктарды персоналдык пенсияга чыгуу үчүн эле мамлекеттик кызматта иштегендер, анан интеллигенция алат экен. Элеттегилер өмүр бою жер казганы аз келгенсип, өмүрүнүн акырын бир жарым миң сом менен өткөрөт. Ушул мамлекеттик сыйлыктарды жоюп эле салса болбойбу дейт?

Бүбүкан Досалиева: Сыйлыкты алгандан кийин, мен анализдеп көрдүм, материалдык кызыкчылыкпы деп. Себеби Ардак грамотасы, Эмгек сиңирген деген наамы болсо персоналдык пенсияга чыгат. Ошол кызыкчылык бар. Сыйлык алам деген адамдардын мен кайсы эмгегим үчүн алам деген өзүнүн абийир, ынсабы жок болуп атат.

Эдил Байсалов: Биз мурун Советтер Союзунда пролетардык мамлекет түзөбүз, коммунисттик коомдобуз деп анча-мынча саанчыга, малчыга, айдоочуга орденди бере берчү. Бул албетте туура эмес. Анткени сыйлыкты көрүнүктүү инсан алат, жасаган эмгеги үчүн, анан ал адам элитанын катарына кошулат.

Бүбүкан Досалиева: 20 жылдыкка ушул адам татыктуу деп тандап, электенип келген жок.

«Азаттык»: Наамдарды, сыйлыктарды ирилештирүү аркылуу сыйлыктын баркын көтөрүп, санын да азайтууга мүмкүнбү?

Бүбүкан Досалиева: Анын баарын мыйзам менен чечсе болот.

Эдил Байсалов: Силер отурасыңар, абийирдүү, абийирсиздер чуркап келип документтерин тапшырат деп. Мамлекет башчы, аппарат өзүңөр барып элетти кыдырып издесеңер болмок.

«Азаттык»: Биздин Прагадагы кесиптештерибиздин тактаганына ылайык, Чехияда мамлекеттик сыйлыктар жылына 15-16 гана кишиге берилет экен. Маселен Чехиянын атагын дүйнөгө чыгарган 18 жылдык тажрыйбасы бар айтылуу хоккейчи Ерамир Ягорго Эмгек сиңирген орден деген былтыр араң берилген экен. Чехиянын хоккей тарыхында 3 эле киши ушундай орден алыптыр. Ушул өңдүү тажрыйбаларды Кыргызстанга жайылтуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Бүбүкан Досалиева: Мыйзамды өзгөртүш керек, тандоо критерийин өзгөртүш керек, көптөгөн сандарды кыскартыш керек, персоналдык пенсия берүүгө да өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Андай болбосо мыйзамда жазылып турган нерсени аткарбай койгонго эч кимдин укугу жок.

«Азаттык»: Ал мыйзам кайра каралышы качан болушу ыктымал, азыр мыйзам долбоору жазылып атабы?

Бүбүкан Досалиева: Биз жыйнап койдук, маданият министри Нурлан Шакиев өкмөт башчыга жазып, алар да өзүнчө комиссия түзгөнү турат, комиссия түзүлө турган болсо ушул маселелердин баары көтөрүлүп чыгат.

«Азаттык»: Мыйзамдын негизги өзгөчөлүгү эмнеде болот, ачык-айкындык деген нерсе эсепке алынганбы?

Бүбүкан Досалиева: Ачык-айкындык азыр деле бар, комиссиянын бардыгы ачык-айкын жүргүзүлөт.

Эдил Байсалов: Ачык-айкын болбой эле коюш керек, мамлекет башчы шайлангандан кийин өзү билет, казанчынын өз эрки кимге берет, кимге беребейт, комиссиянын деле кереги жок.

Бейшен Абдразаков: Андай туура эмес. Анда Акаев бүт кеминдиктерге берди, Бакиев келип жалалабаддыктарга берди, эми таластыктарга береби. Андай болбойт, президентке андай укук бербеш керек, мыйзамдын негизинде калыс карап бериш керек, аны комиссия чечиш керек.

«Азаттык»: Рахмат сиздерге.