“Ырыс алды-ынтымак”: мыктылар аныкталды

БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен "Азаттык" радиосу жарыялаган видео сынак жыйынтыкталды. Эки айга созулган "Ырыс алды - ынтымак" деген тема алдындагы сынакка ар башка этностук топтордун мамиле-катышын чагылдырган ондогон видео баяндар келип түшүп, мыкты делген 15тен ашууну тасма "Азаттыктын" сайтына жарыяланган. Алардын ичинен биринчи орун “Ырыс алды -ынтымак” тасмасына ыйгарылып, автору Темиралы Маймашовго ноутбук берилди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ырыс алды - ынтымак

10 жаштагы Кайрат тууралуу тасма экинчи жана кыргызга келин болгон жапон кызы жөнүндө тасма үчүнчү орунду ээлеп, авторлор Canon фотоаппаратын алышты.

Экинчи орунга ээ болгон тасмадагы Кайраттын кебетеси эле орус болбосо, өзү да, жүргөн-турганы кадимки кыргыз. Бул тасманын автору - Мирлан Орозбаев.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кайрат

Үчүнчү орунду алган тасмада болсо, Нарын шаарынан бактысын тапкан Жапон кызы Йоко тууралуу баяндалат. Аталган тасманын автору - Бексултан Мамбетов.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызга келин болгон жапон кызы

Сынактын жыйынтыгы жана сыйлык тапшыруу аземи Оштогу “Сулайман Тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аттуу фестивалдын алкагында өттү. Мыкты делген тасмалар фестивалдын катышуучуларына көрсөтүлдү.

"Ырыс алды - ынтымак" сынагына келип түшкөн видео тасмаларды бул жерден көрүңүз.