Кыргызстан | Жаңылыктар (1.12.2020) “Azattyk news”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Боршайком үгүт өнөктүгүн эрте баштады деп президенттике аттангандардын үстүнөн берилген арыздарды карай баштады. Райымбек Матраимов өзүнө алган милдеттенмени толук аткара элек. Кыргызстанда жарандарды ВИЧ-СПИДге текшерүү жүрүп жатат.
- Боршайком үгүт өнөктүгүн эрте баштады деп президенттике аттангандардын үстүнөн берилген арыздарды карай баштады. Муну шайлоого аттанган бир катар саясатчылар "бийликтин кысымы" деп баалашууда. 
- Райымбек Матраимов өзүнө алган милдеттенмени толук аткара элек. Ал 1-декабрга чейин мамлекетке жалпысынан 646 миллион сом төккөн. Коопсуздук кызматы мурдагы бажычыны ноябрдын аягына чейин эки миллиард сомду казынага кайтарууга милдеттендирген.
- Кыргызстанда жарандарды ВИЧ-СПИДге текшерүү жүрүп жатат. Сентябрдан бери 500 жарандан анализ алынып, кооптуу инфекция Чүй облусу менен Бишкектин базарларында иштегендерден аныкталган.