Өзүн өнүктүрүү курстары муктаждыкпы же бизнеспи?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ичте катылып жаткан дараметтин көзүн ачып, ийгиликти багындырууга шыктандырган өзүн өнүктүрүү тренингдери Кыргызстанда да тамырын жайды. Өзгөлөрдөн дем-күч издеген адамга жол көрсөтүүчү жергиликтүү мотиватор, коучтардын саны көбөйдү. Адамдын акыл, күчүн өркүндөтүүчү семинарлар муктаждыкпы же бизнестин бир түрүбү?