Жашоону өзгөрткөн социалдык тармактар

Интернет, анын ичинде социалдык тармактар жаштардын жашоосунун бир бөлүгүнө айлынды. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашты. Алардын ичинен бир миллиондон көбү социалдык тармактарды колдонот. “Азаттык+” бул жолу социалдык тармактардын орду, аларды туура пайдалануу тууралуу кеп кылды.

Коомдук жай же аялдамада болобу, же үйдөбү, айтор чөнтөк телефонго үңүлүп, интернетте отургандарды көрөсүз.

Бир катар блогчу жана жаңы медиа адистеринин маалыматтары боюнча, учурда кыргызстандык интернет колдонуучулар Фейсбук, Твиттер, Мой мир, Одноклассники, Инстаграм өңдүү социалдык тармактарга көбүрөөк киришет.

Бул тармактарды өзгөчө жаштар маалымат алып, көңүл ачуу максатында колдонушса, соңку кездери социалдык тармактарда ар кыл көрүнүштөргө каршы чыккан акция, флеш-мобдор байма-бай уланып, коомдогу өзгөрүүлөргө түрткү берүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашоону өзгөрткөн социалдык тармактар

Бир нече ай мурда Мамлекеттик сатып алуулар порталында Жогорку Кеңеш 120 креслого 2,5 миллиондон ашуун сом жумшаганга даяр экендиги коомчулукта бир “дүң” боло түшкөн.

Кресло сатып алуу демилгеси коомчулуктун кескин сынына кабылып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Жарандык коом өкүлдөрү 120 креслого жумшалчу каражатты айыкпас дартка чалдыккандарга көмөк көрсөтүүгө жумшоо демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашоону өзгөрткөн социалдык тармактар (2)

Коңшу өлкө Тажикстандын бийлиги буга чейин интернет менен камсыздалган бүт ишканаларга Facebook сайтына тосмо коюну буйруганын билдирген. Буга сайтта президент Эмомали Рахмон жөнүндө кызуу талаш-тартыш себеп болгон.

Казакстанда социалдык тармактардагы пикирлерден улам бир катар чиновниктер жумуштан айдалган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашоону өзгөрткөн социалдык тармактар (3)

Социалдык тармактардын тийгизген таасирлери туурасында азыркы күнгө чейин эки ача пикирлер айтылып келет. Бирок акыркы учурда социалдык тармактар аркылуу түркүн долбоорлорду ишке ашырып, кайрымдуулук акцияларын жүргүзүп, бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда.