Миграциядан кайткан келин цех ачты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендин Жаңы-Жер айылынын келини Ыхыбал Усманова миграцияда жүрүп тапкан каражатына тигүү цехин ачып, өзүнө курдаш төрт келинди иш менен камсыз кылды. Алар кыздардын себин даярдашып, жумасына он миң сомго чейин маяна алышат. Каражатты туура жана үнөмдүү сарптоонун сырларын мыкты билген Ыхыбалдын аракетине кабарчыбыз Медер Ниязалиев көз салды.