Мүлк талаш саясатка айланды

“БиБиГруп” компаниясы өзүнө таандык түнкү клубдун мүлкүн КСДП фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун кызы – Айдай Турсунбекова – тартып алды жана “Баррель” аттуу көңүл ачуучу мекеменин аталышын уруксатсыз колдонуп жатат деп айыптоодо.
“БиБиГруп” ишканасынын билдиришинче “Акун-Ысык-Көл” алардын мүлкүн жана түнкү клубунун брендин үч айдан ашык мыйзамсыз колдонууда. Аталган компаниянын менеджери Тилек Мамбетшаевдин айтымында, келишим бузулгандан бери “Акун-Ысык-Көлдүн” жетекчилиги алардын электрондук шаймандарын, эмеректерин жана идиш-аяктарын алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат.

- Эмне себептен алар биздин мүлкүбүздү бербей жатканын биз түшүнө албай жатабыз. Бизге аны көрсөтмөк турсун, пансионатка жакын жолотпой атат. “Акун-Ысык-Көлдүн” ичинде “Баррель” клубун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү биз Айдай Турсунбекова менен жүргүзгөнбүз. Келишим бузулганы тууралуу билдирүүдө Турсунбекованын колу коюлган. Акыйкаттык үчүн биз сотко кайрылдык. Айдайдын атасы Чыныбай таасирлүү саясатчы болгондуктан биз бул маселени коомчулукка билдирүүнү туура көрдүк. Ал тараптан сотко басым болбойт деп үмүт кылабыз.

Мүлктү кайтара албай жана клубдун брендин башкалар колдонуп жаткандыктан, “БиБиГруп” түнкү клубду жаңы жерде ачуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, кирешеден кол жууп жатканын Мамбетшаев кошумчалады.

“БиБиГруп” “Акун-Ысык-Көлдүн” жеринде түнкү клуб ачуу боюнча келишимди пансионат менен 2011-жылы беш жылга түзгөн. "Бирок “БиБиГруп” коопсуздукту камсыздабаганы, тазалыкты сактабаганы жана келишимде каралган бир катар беренелерди аткарбаганы үчүн макулдашууну буздук" - дейт “Акун-Ысык-Көлдүн” PR менеджери Гүлбара Иманкулова.

- Мүлктүн көбү – эмеректер. Анын бир бөлүгү “БиБиГрупка” тиешелүү. Биз "өз мүлктөрүңөрдү алып кеткиле", - деп айтканбыз. Алар болсо “биздин койо турган жерибиз жок, силер сатып алгыла” дешти. Бирок баасын адегенде 60 миң доллар деп баалашты. Биз макул болбодук, андан соң 30 миң долларга сунуштады. “Бизге мүлкүңөр кереги жок. Бузганды оңдогула, өзүңөрдүкүн алып кеткиле” дедик. Ошол бойдон алып кеткен эмес. Бүгүн алып кетем дешсе алып кетишсин.

PR менеджер алар да соттун акыйкат териштирүүсүнө кызыкдар экенин жана ага басым көрсөтүү аракети орунсуз экенин белгиледи.

“Баррель” түнкү клубун “Акун-Ысык-Көл” азыр өзү иштетип жатат. Пансионат тарап “Баррель” деген бренд “БиБиГрупка” кагаз түрүндө катталбагандыктан бул атты колдонууга тыюу салганга акысы жок деген турумду карманууда.

“Акун-Ысык-Көл” пансионаты “Акун” ишканалар бирикмесине кирет. Аны 1997-жылы азыр Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков негиздеген. Бирок 2010-жылдан бери “Акундун” башкы директорунун кызматын Турсунбековдун жубайы – Нуржан Тентимишова аткарууда.

“БиБиГруп” менен сүйлөшүүлөрдү чындыгында эле Айдай Турсунбекова жүргүзгөнүн, бул жылы пансионатты убактылуу ал башкарып жаткандыктан, келишимди Айдай Турсунбекова бузганын “Акун-Ысык-Көлдөн” тастыкташты.

Ал эми “Акундун” негиздөөчүсү Чыныбай Турсунбеков бул чырга карата мындай пикирин билдирди:

- Мен бизнестен четтегениме үч жыл болду, бирок мен билем, мунун артында кандайдыр бир саясий кызыкчылыктар турат. Мен бир канча фирмаларды кургам, бир канча ишканаларды иштетип Кыргызстанга жакшы эле салымымды коштум. Ушундай компаниялардын бири - “Акун-Ысык-Көл”.

“БиБиГруптун” “Акун-Ысык-Көлгө” дооматы Каракол шаарынын район аралык сотуна түштү. Алгачкы соттук кароо 16-августка белгиленди.