Шайлоо: алдын ала добуш бергендер

Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 шайлоо участогу ачылат. Орусияда алты, Германияда үч, Казакстанда эки, Түркияда эки, Кытайда эки, Бириккен Араб Эмирлигинде экиден шаарда мекендештер добуш бере алат.

Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын маалыматында, бул шайлоодо 3 млн 25 миң 768 кыргызстандык добуш берет. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде.

Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн 59 адам арыз берген. БШК алардын ичинен 13 талапкерди каттаган.

 Үгүт маалында баш тарткан эки талапкердин бири Камчыбек Ташиев КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун пайдасына, экинчиси “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгы үчүн жарыштан баш тартты.

Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мүмкүнчүлүгү чектелүү жана башка бир нече категориядагы жарандар шайлоо участокторунан тышкары добуш берип жатышат.