Атамекендик спорт кийимдери

Fitness деп аталган кыз-келиндердин кийимдеринин үлгүсү.

Sport mix - эркектердин кийимдери 

BIGSERSPORT компаниясы учурда Франция, Казакстан жана Орусиядагы шериктештери менен бирге иштеп, өз товарларын чет өлкөлөрдө да сатышат.

Ишкана 1998-жылдан бери беш олимпиадалык оюндарга катышкан спортчуларды кийим менен камсыздаган.  

Кийимдерге мамлекеттик, улуттук эн белгилер түшүрүлөт. 

Sport mix  - эркектердин кийимдеринин үлгүсү.

Эркектерге арналган үлгүлөр. 

Кыз-келиндер үчүн бут кийим. 

BIGSERSPORT брендинин спорттук формаларын Кыргызстандын, Орусиянын жана Казакстандын бир нече улуттук курама командалары кийишет. Компаниянын негиздөөчүсү Сергей Быковский учурда ЕАЭБ аймагын толук камтуу үчүн Армения жана Беларустун да рыногуна чыгуу аракеттери көрүлүп жатканын айтат.

Ишкана жалпысынан Азия оюндары, Бүткүл дүйнөлүк универсиада, Азия, Дүйнө чемпиондуктары өңдүү 16дан ашуун ири эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларды спорттук кийим менен камсыздаган.

BIGSERSPORT ишканасы тарабынан өндүрүлгөн спорттук бут кийимдердин бири. 

Sport mix линиясынын эркектерге арналган спорттук күрмөлөрү.

Fitness жана Sport mix линияларынын кыз-келиндерге арналган үлгүлөрү.

BIGSERSPORT быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтчү Экинчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата күйөрмандарга жана конокторго арнап аксессуар, баштык, футболка, баш кийим өңдүү бир нече продукцияны сатыкка чыгарды. Спортчуларды да атайын кийимдер менен камсыздоо максатында тендерге катышуу үчүн даярдык иштери жүрүп жатканын ишкананын өкүлдөрү маалымдашты.