Үч миллион доллар чыры сотко жетти

Сот процесси 14-ноябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү

Соттук териштирүүгө судья Азамат Молдобаев төрагалык кылууда

Айыпталуучулардын укугун Чынара Жакупбекова коргоодо. Ал эми коомдук коргоочулар катары Эсен Койчуманов менен Эркин Булекбаев дайындалган 


2013-жылдын август айынын этегинде Саруу айылынын тургундары Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган


Кармалган эки жаран "Кумтөр" ишканасынын топ-менеджери Дуглас Гриерден 3 млн. доллар пара сураган деп шектелген


Саруулуктар айылдаштарын бошотууну талап кылууда

Эмки сот процесси 22-28-29-ноябрда уланат. Анда жабырлануучулар көрсөтмө беришет