Дүйнөлүк биринчи согуш жана кыргыздар

1916-жылкы Үркүндүн курмандыктарына орнотулган эстелик.

Ушул тапта дүйнө коомчулугу Дүйнөлүк биринчи согуштун 100 жылдыгын чоң масштабда белгилөөдө. Белгилегенге толук негиз бар: бул согуш 1914-жылдын июль айында Сербияда башталып, 4 жылга созулуп, ага 40тан ашуун мамлекет катышып, баш-аягы 10 миллиондон ашуун адам кырылып, уруш театры Ыраакы Чыгыштан тартып, Кубага, Африкага чейин тараган. Бирок негизги фронт, негизги согуш аракеттери, албетте, Европада болгон.

Бул улуу согуштун натыйжасында төрт зор империя: Орусия, Германия, Осмон империясы жана Австро-Венгрия империялары кыйроого учураган. Ошондон улам дүйнөдө социалдык революциялардын оту тутанып, ондогон колония улуттар өз эркиндиги жана боштондугу үчүн күрөшкө чыккан. Ал күрөшкө чоң империяларга көз каранды болуп келген Европанын бир катар элдери, Кытай менен Индия да аттанган, туташ колонияга айланган Африка континенти ойгоно баштаган. Ошол улуттук көз карандысыздык, эли-жердин азаттыгы үчүн куралдуу көтөрүлүшкө аттангандардын арасында - кыргыздар да бар эле.

Согуш эмне себептер башталган? Бир караганда нака кокустуктан, башкача айтканда, Сербиянын борбору Сараеводо Австро-Венгриянын императорлук таажысына талапкер эрцгерцог Франц Фердинанд менен анын зайыбы принцесса Софияны өлтүрүүдөн улам башталып кеткен. Аларга кол салып, атып кеткен адам Гаврила Принцип аттуу 19 жаштагы сербиялык террорист болгон. Бирок тарыхчылар туура белгилегендей, бул окуя тек гана эбепке себеп болуп, бирок согуш аракеттеринин тез арада башталып кеткенинин негизги себеби - улуу империялардын ортосундагы абдан ырбап кеткен пикир келишпестиктер, айрыкча Орусия же Британия сыяктуу дүйнөнүн дээрлик жартысын ич ара бөлүп алган империяларга ич күптүсү чоң Германиянын таарынычынан келип чыккан эле.

Албетте, бул согуштун негизги мотивдерин жана ички механизмдерин падышалар менен императорлор, аскер башчылары менен саясатчылар абдан жакшы билген, бирок караламан көпчүлүк, айрыкча катардагы аскерлер эмне үчүн ушунчалык көп эл дээрлик төрт континентте боо-боо түшүп кырылышып атканына эч бир түшүнгөн эмес. Буга ошол улуу согуш тууралуу жазган Эрих Мария Ремарктын, Эрнест Хемингуэйдин, Ричард Олдингтондун чыгармалары күбө. Ошону менен бирге бул согуш ким куралдуу жана күчтүү болсо, ошонун сөзү сөз болгон акыйкатсыз дүйнөнүн, баскынчы дүйнөнүн, колониалисттик дүйнөнүн ич ара согушу эле. Ошондуктан "Ушул согушту ким баштаса да, ошолорду өз колум менен ит сыяктуу кылып атып салсам, эч бир арманым болбос эле..." деп америкалык улуу жазуучу Хемингуэй бекеринен айтаган чыгаар.

Суроо туулат: Дүйнөлүк биринчи согушка кыргыздар катышканбы? Жооп: албетте, катышкан. Жок, тикеден-тике согуш майданында, бул же тигил империянын желеги астында катышкан эмес. Бирок ошол согуштун негизги катышуучусу болгон Орус империясынын зордугуна чыдабай, күн сайын болбосо да, ай сайын өсүп турган алык-менен салыкты көтөрө албай, айрыкча аскер ишине жарай турган эр-бүлөнүн баарын согушка жөнөткүсү келген ак падышанын амирине каршы чыккан кыргыз эли өз азаттыгы, өз эркиндиги жана теңдиги үчүн 1916-жылдын июль айында куралдуу көтөрүлүшкө аттанган. Ошентип кылымда болбогон кыргынга, геноцидге учураган.

Владимир Ленин бул согушту империалисттердин жер-суу талашкан, жер байлыктары менен колонияларды талашкан баскынчылык согушу деп атаганы белгилүү. Ал эми Американын президенти Вудро Вильсон дүйнөлүк биринчи согуш бир же сыңар себептен эмес, көптөн бери чогулуп миң себептен улам тутанып кеткен согуш деп баа берген экен.

Бул зор дүйнөлүк согуштун адамзатка алып келген зыяндары жана кесепеттери айтып отурса өтө узун сөз. Ошону менен бирге империалисттик бул согуштун бир катар пайдалуу жактары да болгонун баса белгилеп кетпесек болбойт. Жогоруда айтылган төрт зор империянын талкаланышынан улам ондогон элдер акыры азаттыктын туусун көтөрүп, колониалдык эзүүдөн кутулушту. Ошол элдердин бири - Сербия баштаган Балкан жарым аралынын улуттары, бир катар Европанын калктары, айрыкча Орус империясына караштуу ондогон калктар эле. Ошол колониялдык эзүүдөн кутулган элдердин бири - кыргыздар болчу.

Орус колониализмине акыркы чекитти коюп, бардык улуттарды тең укукка ээ кылган 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясы болду. Ленин баштаган большевиктердин өкмөтү Орусия согушка катышпай турганын билдирип, өз бийлигин сактап калуу үчүн Германия койгон шарттардын дээрлик баарына макул болгон. Атактуу Брест келишиминен кийин большевиктер Орус империясынын 40 пайызга жакын территориясын каршылаштарына кармата берген. Бирок

Ак падыша залимге,

Алты атабыз караган.

Ак калпактуу кыргызды,

Айдаган малдай санаган, - деп зарлаган кыргыздар ошентип уруятка жетип, билим менен илимге кол сунган, акыры эч бир улуттан маданият жагынан да, адабият жагынан да артта калбаган алдыңкы калктардын бирине айланган.

Азыркы учурда дүйнөлүк биринчи согушту ар ким ар кандайынан баалап келет. Негизинен ал империалисттик согуш болгонун, миллиондогон адамдар бейкүнөө кырылганын учурдагы дүйнөлүк басма сөз бир ооздон белгилөөдө. Бирок орус президенти Владимир Путин согушту Лениндин өкмөтүнүн чыккынчылыгы менен аяктап, Орус империясын абдан алсыздандырып кеткен деп эсептейт.

Демек, кайра жанданган империялык аң-сезим азыркы орус төбөлдөрүнө абдан мүнөздүү көрүнүш, Ошондуктан орус империясы, орус калкы тууралуу ата-бабабыздын айткан адилет сөздөрүн эч бир эстен чыгарбасак.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.