Баткен: Чек арада соода солгун

Кадамжайдагы "Торговый" деген орусча аты бар базарга эң жакынкы шаарлар - Өзбекстан менен Тажикстандын шаарлары

Базардагы товарлардын өзөгүн кыйтайдын кездемелери түзөт. Кадамжай районундагы Ноогардан базары.

"Ноогардан - Атуш" базарында соода кылгандардын дээрлик бөлүгү кыйталык уйгурлар. Базар жетекчилиги акыркы мезгилде уйгур соодагерлерге карата кысым көбөйгөнүн билдирүүдө. 

Кан жолдун курулушу какыраган талаага жан берди. Халмион айылы

Чек аранын актуалдуу макалы: “пайданы көп тапкың келсе бензин сат!”

Жалгыз иштеп жаткан өзбек-кыргыз "Вуадил - Кадамжай" чек ара бекети. Ош - Баткен жолу, Кадамжай району. 

Кызыңызды күйөөгө узатып жатсаңыз бул жакка... Халмион базары.

35 сомдук самса убактысы аз соодагерлер үчүн эң ыңагайлуу фаст-фуд. Халмион базары.

Базарга жакын тоолуу айылдардан келген “свежий” куруттар. Халмион базары.

Эң тез жана көп сатылган товар бул эл арасында “иранка” деп аталган арты жок жеңил чокойлор. Халмион базары.

Эркектерге калпак, кыздарга хижаб. Халмион базары.

Алыскы базарлардагы эң жаңы жана модалуу кызмат Орусиянын майл-агент социалдык тармагына каттоо жана профайлга сүрөт жүктөө. Халмион базары.

"Азаттык": Чын эле бензин ушунча сом турабы
Халмиондук: Ооба :)

Демек какыраган талаага жан берүү үчүн тегиз кан жолду куруу эле жетиштүү экен. Баткен-Ош жаңы айланма жолу. Кадамжай району. 

Кыргыз-кытай "Ноогардан-Атуш" базарына кош келиңиздер! 

Жергилтүү такси: Арзан жеткиребиз!  “Торговый” базары. Баткен-Ош жаңы айланма жолу.

Акыркы алты айда үч базарда тең соода солгундады. Негизги себеп, адегенде өзбек-кыргыз, андан кийин кыргыз-тажик чек араларынын жабылышы.