Нота менен чектелген чек ара сүйлөшүүсү

Кыргыз-өзбек чек арасын тосуу иштери. Жалал-Абад. 29-сентябрь, 2013-жыл.

Кыргызстан чек араларды тактоо ишин жандандыруу боюнча Өзбекстанга кезектеги нотаны жөнөтүп жатат.

Өткөн жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга эки ирет ушундай нота жиберип, жооп алган эмес. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери башкы көйгөйгө айланган чек ара маселеси боюнча кошуналар орток пикир таба албай келет.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо ишине байланыштуу акыркы жолугушуу 2014-жылы өткөн. Ошол жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара тилкеси такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Өзбек тарап сунушту жарым-жартылай колдоп, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүү ниетин билдирген. Өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымына караганда, кыргыз тараптын орток пикир табуу далалатынан майнап чыкпай жатат:

- Алар биздин сунушка жооп берсе, анда сүйлөшүүлөр улантылат. Бирок ал жакта президенттик шайлоо өтмөйүнчө жооп келбейт окшойт деп ойлоп жатабыз. Жооп болсо эле сүйлөшүүгө даярбыз.

Минтип эки тараптын кепке келе албай турушу кошуна жашаган эки элдин ортосундагы экономикалык карым-катышка да терс таасирин тийгизүүдө. Башканы айтпаганда да, Борбор Азиядагы ири базар саналган Кара-Сууда соода солгундап, аткезчилик күчөгөнү жашыруун эмес.

Дал ушул аткезчилик чек аралардагы жаңжалдарга, ок атууларга алып барууда. Жайыт, жол, суу талаш сыяктуу көрүнүштөр адатка айланып калганын жергиликтүүлөр байма-бай айтып келишет. Маселен, 2014-жылы кыргыз-өзбек чек арасында жашаган жергиликтүүлөр ортосунда беш ирет жаңжал чыкты. Алардын арасында киши өлүмү менен коштолгон ок атуулар да болуп жатканы буга чейинки маалыматтардан белгилүү.

Көптөгөн адистер кошуналардын чек ара маселелерин жөнгө сала албай жатышына саясий эрктин жетишсиздиги себеп болууда дешет. Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов бул маселени чечүү мамлекет башчыларынын ачык сүйлөшүүлөрүнөн көз каранды экенин белгилейт:

- Ортодо түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн жогорку деңгээлде ачык сүйлөшүү керек. Ал эми комиссиянын деңгээлинде тил табыша албай калып жатпайбы. Ошондуктан жооп бербей жатышат. Нота аркылуу эле пикир алыша берген болбойт.

Ушуга үндөш пикирин коопсуздук иштери боюнча эксперт Талант Разаков да айтууда:

- Кытай, Казакстан менен чек ара маселесин чечип алдык. Өзбекстан, Тажикстан менен чечилбей жатканы өкүндүрөт. Бул жерде өлкө жетекчилеринин эрки, каалоосу керек. Тилекке каршы, мындай болбой жатат, ар кайсы шылтоону айтып жатышпайбы...

Айтор, Өзбекстан-Кыргызстан ортосундагы маселеси бар аймактар качан такталары эмес, тактоону жүргүзүү, сүйлөшүү качан жанданары арсар. Бул маселеге эки өлкө башчысынын салкын мамилесинин дагы кесепети тийип жатканын айткан серепчилер бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. Өзбекстан тарап улуттук-аймактык бөлүштүрүү учурундагы 1924-27-жылдардагы кагаздарга таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылган.