Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.

Заман алдыга жылган сайын үй шартында бала багуучуга жана үй кызматчыга суроо-талап өстү. Ага жараша андай кызматчылардын катары жергиликтүүлөр эле эмес, чет өлкөлүк иш издөөчүлөр менен да толукталууда.

Таласта ата-энелер балдарын бактыргысы келсе баласы бар келиндерди же орто жашап калган аялдарды жалдаганга кызыкдар. Баласын балалуу келинди жалдап бактырып жаткан үй-бүлөдөгү маанайга аймактык кабарчыбыз Салика Сариева кызыгып көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас: бала багуучу издейбиз

Ошто бала багуучулук эң кооптуу кесиптердин катарына кирет. Бул кесип ээлеринин айтымында, баласынын оорусуна же сынган идишке шылтап деле бала багуучулардын маянасын бербей кууп чыккан окуялар көп катталат.

Кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун баамында, Ошто наристелерин бала багуучуга ишенип таштаган ата-энелер чанда кездешет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: бала багуу опурталдуу

Колунда бар, байгер кыргызстандыктар арасында чет элдик жарандарды үй кызматчы, балa багуучу же ашпозчу кылып иштетип жаткандар пайда болду. Мунун артыкчылыгын алар чет тилди жакшы билгендигинен жана үй-бүлөлүк сырлардын таралышына мүмкүнчүлүгү жоктугунан көрүшөт. “Азаттыктын” сурамжылоосуна караганда, байгер үй-бүлөлөрдө айрыкча филиппиндик үй кызматчыларга суроо-талап күчтүү.

Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов ошондой бардар үй-бүлөдө кызмат кылган филиппин аялдардын бири менен таанышып келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз байлары чет элдик кызматчы жумшайт

Баткенде акыркы жылдары жалданып аш-тойлордо, мааракелерде үй-жыйнап, идиш-аяк жууп каражат табуу кесиби пайда болду. Кафе-ресторандарда маараке өткөрүүгө алы келбегендер той мезгилинде үйүндөгү түйшүккө жетише албай мындай кызматка муктаждык пайда болгон. Аймактагы бул көрүнүш тууралуу кабарчыбыз Жеңиш Айдаров баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үй кызматчылардын иши күздө кызыйт

Ысык-Көл облусунда үй жумуштарын жасатууга күндөлүк кызматчылар адатта Каракол шаарындагы эмгек биржасынан табылат. Кара базар же кул базар атыккан эмгек биржасында иш күтүп тургандарды аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков кепке тартты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Караколдогу эмгек биржасы

Бала багуучу жана үй кызматкер айрым учурда үй-бүлөнүн эң жакын адамына айланса, кээде чоң душманы болуп чыгат. Азыркы тапта ишенимдүү бала баккыч же үй иштерин жасоочу адамды табуу оңой эмес. Акыркы мезгилде дин жолунда жүргөн кыз-келиндерди дал ушул ишке алабыз дегендер да арбыды. Кыргызстанда ишенимдүү бала багуучу табуунун түйшүгүн Бактыгүл Чыныбаева иликтеп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ишенимдүү үй кызматчы көздөн учат