Бакчадагы бала тоёбу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы бала бакчалардын көбү баш калаада орун алган. Наристелердин көптүгүнөн улам мамлекеттик бакчаларда бир тайпада 40-50 баладан тарбияланып келет. Ар бир баланын бир күндүк азыктануусуна мамлекеттик бюджеттен 30 сом каралган. Ата-энелерден кошумча 30 сом алынат. 60 сомго бир бала тойо тамак жей алабы? Ата-энелердин бакчадагы азык-түлүк сапатына болгон нааразычылыгы жөндүүбү?