Православдар күткөн күн

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусия, Болгария, Сербиядагы жана дагы бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда белгилешет.

Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунган адамдардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

7-январда бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өтүп жатат.