Абалың кандай, сыртта жүргөн журтташ?

Урматтуу алыстагы журтташ! Бул шерине - Сиз үчүн! Чет жердеги көйгөйүңүздү, тажрыйбаңызды, атажурт үчүн баалуу сунушуңузду ортого салыңыз! Бул шеринеде Ала-Тоодон чет жакта жүргөн журтташтарыбыздын, алардын ичинде эмгек мигранттарынын, илим изилдеп, билим алып жүргөндөрдүн, үй-бүлө күтүп, чет жерде орун-очок алгандардын жашоо-турмушу, көйгөйлөрү, демилгелери, ошондой эле мекенибиз Кыргызстандын азыркысы жана болочогу тууралуу ойлору пикир алмашуусу үчүн ачылды.

Бул жаатта ой-пикириңиз болсо сиз да шеринеге жандуу катыша аласыз. Бул шерине - Сиз үчүн!
(Жалпы эрежеге сыйбаган пикирлер гана жарыяланбай турганын алдын-ала эскерте кетели).