УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтти. УКМКнын маалыматына ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган учурдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банкта 889 900 доллар сактап келген. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес.