Маданияттын мактанычы жана арманы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Майрамга карата бүгүн Улуттук филармонияда салтанаттуу жыйын өттү. Майрамдык иш-чарага республика боюнча маданият өкүлдөрү чогулуп, парламент төрагасы, президенттин, өкмөттүн өкүлү катышты.