Айтматовдун махабат тууралуу чыгармасы табылды

Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. “Жер жана флейта” романынын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды ирээттеп жаткан учурда табышкан.
- Ширин, адегенде кол жазма кандай жагдайда табылганын айтып берсеңиз.

- Мен Айтматовдун буга чейин белгисиз кол жазмасы табылганы тууралуу июнь айында эле, өлгөн күнүнүн 4 жылдыгында айткам. Бирок эмнегедир азыр гана бул кабарга кызыгуу пайда болууда.

Ушул тапта Чыңгыз Айтматов фонду жана апам атамдын архивин ирээтке келтирип жатышат. Анда өтө көп кагаз, документтер, бүтүрүлө элек чыгармалар бар экен. Ошолордун арасынан ушул роман табылыптыр. Апам окугандан кийин мен окуп чыктым. Мага абдан жакты, күчтүү чыгармадай көрүндү, Айтматовдун алгачкы эмгектерине окшойт экен. Менимче, анда жазуучу өзүнүн эң мыкты чеберчилигин көрсөткөн.

- Роман болжол менен качан жазылган экен?

Ширин Айтматова

- Болжол менен 70-жылдардын аягында же ортосунда орус тилинде жазылыптыр. “Жер жана флейта” деп аталат, анын жумушчу аталышы да бар экен. Бул биз үчүн эми тарыхый роман болуп калат да. Анда Чоң Чүй каналын куруу мезгили баяндалган. Башкы каармандын сүйүүсү, ошол кездеги Советтик Кыргызстандагы – же Киргизиядагы окуялар чагылдырылат, адаттагыдай эле философиялык ой толгоолор да көп.

- Сиздин оюңузда, эмне үчүн роман өз убагында жарык көрбөй калган?

- Мен билбейт экем. Ал кезде коммунисттик цензура күчтүү эмес беле. Романда махабат жөнүндө абдан эле ачык, сезимдерин жаап-жашырбай жазыптыр. Апам, балким, атам уялгандыр деп ойлойт.

- Кайсы бир деңгээлде өзүн өзү цензуралоо болгон турбайбы?

- Эми аны азыр эч ким айта албайт. Советтик режимди сындоо, же ага окшогон нерселер жок. Романда автордун жан дүйнөсү, сезимдери чагылдырылган. Архивдин арасында дагы бир повесть табылды, мен аны окуй элекмин. Атам илгери апама ошондой повестим бар деп айтып берген экен, бирок апам аны эч качан көрбөптүр. Ал “Агам менен кезигишүү” деп аталат.

- Эч ким билбеген дагы канча чыгармалар бар болушу мүмкүн? Айтматовдун архиви чоңбу?

- Архив чоң эле. Аягына чыга элек чыгармалары абдан көп, жаңы баштаган кол жазмалары бар экен. “Кар жана алтын” деген аталыштагы романында Кыргызстандагы алтын кендери жана мөңгүлөрдүн эрип жатышы боюнча проблема чагылдырылган. Анда автор көз ачыктык кылып, Кумтөрдүн сценарийин дээрлик так айтып бериптир.

- Ошонун бардыгы Айтматовдун музейине коюлабы?

- Азыр Айтматовдун үй-музейин ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Имаратты улам улам оңдоп-түзөп жатышат. Архив да абдан чоң. Мурда алардын электрондук версиясы жок эле, кагаздар үйүлүп эле жатат. Фонд ошол эмгектерди чыгарууну пландап жатат. Адегенде жаңы табылган чыгармалар ошол эле бойдон чыгабы, же аларды редакциялаш керекпи деген маселени чечип алуу зарыл. Кол жазмаларды эксперт, адабият таануучуларга көрсөтүш керек.

- Болжол менен “Жер жана флейта” романын биз качан окуй алабыз?

- Балким эмки жылы деп ойлойм. Редакцияланса, бул көп эле убакытты алат. Бирок бир жылдан кийин китеп чыгып калар.

1978-жыл

- Сиз Айтматовдун тексттери менен иштеген адистерге көрсөтүү зарыл дедиңиз, бирок ошол адамдарды көбү тилекке каршы өтүп кетпедиби...

- Адатта атам эң алгачкы вариантты чыгармаларын немис тилине которгон Фридрих Хицерге көрсөтчү. Ал киши атамдын жакын санаалашы болчу. Хицердин көзү азыр жок. Москвалык адабият таануучу Владимир Коркин да эбак эле өтүп кеткен. Кимге кайрыларыбызды билбей да турам.

- Комментарийлердин биринде мындай ойду окуп калдым: Айтматов өзү романды катып, чыгаргысы келбесе, азыр басуу канчалык туура? Этика жагынан кандай болот?

- Менимче, чыгармада Айтматов купуя сактаган, жашырган сырлары деле жок. Китепти басып чыгаруу туура эмес иш болуп калат деген ойдон алысмын. Ошол жылдары романды чыгаргысы келбесе, ал саясий кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Ал кезде өкүм сүргөн саясий климаттан улам, атам кааласа да, кээ бир нерселерди жаза албай калган деп ойлойм. Окурмандар окугусу келсе, эмне үчүн чыгарбаш керек? Жазуучунун эмгектери элдин энчисине айланып калган.