Бакиров: "Кудай сакта жашоодон чарчагандан"

Карбалас Бакировго адабият сүйүүчүлөрү "өтө аз, бирок саз жазган мыкты акын" деп баа берип келишет.
Бирок анын тагдыры, “Тоо булбулу” атыккан Токтогулдун тагдыры менен кандай байланышы бар экени туурасында көпчүлүк биле бербесе керек.

Карбалас Бакиров: Ал кезде Токтогулда иштечү элем. Бир жолу “Балык башынан сасыйт...” деген темада Токтогулдагы бир дүкөндүн жетекчиси жөнүндө макала жаздым. Ал жетекчи кийин ошонун айынан жумуштан алынды. Бирок алар ошол учурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мени куугунтукка алышты. Мен анан Сибирге шарттуу түрдө кесилип кеттим. 3-4 жыл Тайганын мейкининде өмүр өттү.

“Азаттык”: Демек сиздин тагдырыңыз Токтогул акындыкындай болуп калган турбайбы?

Бакиров: Ошондой десем да болот. Убагында Токтогул да Сибирге куулуп, кайтып келгенде татарча ырдап калган дешет. Эшманбет акынга жолугуп, анан өзүнүн мурдагы ыргактарын эстеп, кайрадан кыргызча төгүлгөн экен да.

Мен да барганда орусча окуй берип, кыргызча жаза албай кыйналдым. Бул жагынан окшош жактар бар. Бирок кандай болгон күндө да Тайганын мейкин талаасы баары бир мага жакын. Себеби мен бүгүн да он ыр жазсам ошонун үчөө сөзсүз Тайганын мейкиндерин кезип өтөт.

Талын кыркып, Тайганын Санадрда,
Кирдим кийиз өтүкчөн Анадырга.
Шарап ичип акыркы шаман менен,
Ыр таштадым Уелень шамалына.

Поэмадай буттарым жазып өткөн,
Тундурада калды жол жанып өчкөн.
Адаштырып, азгырды тумандарда,
Туманянга, Назымга таазим эткен.

Үйүр ойлор айланган кашка чымын,
Кээде тартып олтурдум ташта чылым.
Максатымды көтөрүп ийиниме,
Сыныгындай Гибралтар аскасынын.

Жээктеринде Енесай, Ангаранын,
Кызыл- кызыл кыялга байлангамын.
Көк- Теңирди келгенче өзүң,
Көзүн ачкан байчечек айланайын.

Кезип Тайга, Тундура кыйырларын,
Арасында чуркадым куюндардын.
Аман калган троя согушунда,
Бир баласы өңдөнөм Прияндын.

Жолуктуруп өкүлүн түмөн элдин,
Мейкиндиктин бир четин түрө келдим.
Учурашып кайткан Нух пайгамбарга,
Бир перзенти өңдөнөм шумерлердин.

Урап, кулап кыйраган талкаланган,
Келе аткансыйм бир туруп Карфагенден.
Миллион жыл жашаган сыяктанам,
Кудай сакта жашоодон чарчагандан.

"Азаттык": Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыздан бөлүшө кетсеңиз?

Бакиров: Бир ирээт Салижан Жигитовго мен да ушул суроону берсем, “азыр Ч. Айтматов гана жүз пайыз өзүн чыгармачылыкка арнай алат, биз тирлик үчүн ар кай жерде иштеп, ара-чолодо чыгарма жазабыз”, - деди эле. Анын сыңары азыр иш менен жүрөм. Чыгармачылыкка баш отум менен киргенге шартым жок. Мен муну Сибирде жүргөндө да түшүндүм, себеби акын өзүн ырга арнаганда гана бир жакшы иш калтырат. Тийди-качты чыгармачылык баары бир чабал.

"Азаттык": Поэзия сизге эмне берип, сизден эмнени алды?

Бакиров: Поэзиянын мага берген нерсеси көп. Ал мага укмуш эргүүнү берди. Мен поэзия аркылуу турмуштук кыйынчылыктарды унутуп, жашоого дем күч алам. Өзгөчө жакшы, жаңыча сап таап алган күнү кудуңдап көпкө сүйүнүп жүрө бермейим да бар.

Балдар

Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Тааланын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар.
Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!

***
Тыюу салган жактарга ташта кадам,
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.
Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.
Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда.

Акын жана котормочу Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган.

1992-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2005-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир нече поэзия фестивалдарынын лауреаты. Алгачкы ыры 1969-жылы "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланган.

2003–2006-жж. Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусуна жана "Хазар поэзия кечтери" фестивалына катышкан.

Бул аралыкта акын Карбалас Бакировдун "Адашкан кентавр", "Коргондогулар жана чексиздик", "Көкүлчөн кыялдар" деген поэзия жыйнактары жарык көрдү.