Элүү жылда эл жаңы

Балалыгым өткөн кылымдын 50-жылдарында түптөлгөн алыскы Ала-Буканын 1-Май колхозунда өткөн. Уламыштарда ага чейин колхоз тутумундагы биздин Айры-Там айылыбыз какыраган ээн талаа, эрме чөл болгондуктан, эч бир жан жашабаган жайык жер болгондугу айтылып жүрөт. Анан Совет бийлиги жанаша жайгашкан Көк-Таш жана Сумсардан элди көчүрүп келип, отурукташтырып, колхоз түзгөндүгү тууралуу бала чагымда укканым бар.

Бүгүн ошол бала кезде жан дүйнөмдү кыйноого алып, бирок ушул тапта орундалган, эми болсо энелик келечек кыялымды ачыктасам деп турам. Анда кеп башынан болсун.

Мен эс тарткандан билгеним 1-Майда эки белгилүү "держава" боло турган: көкташтыктар менен сумсарлыктар. Кыргыздын уруучулдук касиети да бул эки державалык бөлүнүүнүн астында шоона эшпестир...

Бүтүндөй айыл, мектептин кыйын мушташкан “атамандары”, окуучулар, кыз-эркеги дебей бөлүнүшөр эле. Балким 90-жылдардагы эки тарап атамандары “Кали” менен “Жалинин” бүтүндөй колхозду дүңгүрөткөн мушташы майлык (1-Май колхозунун жашоочуларын Ала-Бука боюнча “майлыктар” деп аташат) туугандарымдын жадында чыгар...

Тажик, өзбек, кыргыз аралаш жашаган айылда эки "держава" өкүлдөрү кыз алышып, кыз бериши өзүнчө тема. Мектепте көкташтык сумсарлык менен кыз-жигит болуу – экзотика... Баарынан да колхоз председатели (майлыктардын тилинде “раис”), мектеп директору кайсы "державадан" болсо, ошолор өздөрүн бир тепкич өйдө сезмей кадимки көрүнүш...

“Болуптур, сен эмнеден кыйналдың?” дээрсиз... 70-жылдары Сумсардын кызы апакемди Көк-Таштан көчүп келген жигит, атакем ошол мезгилдин кеңири жайылган салты боюнча ала качып алган.

Андан баягы эки "державанын" кайсынысына кошуларын билбей кыйналган 7 бала... Мектепте ушундай кыйналып, бирок жарылып үйдө айта албаган бугум ушул эле. Улуу турмуш жолуна аттангандан 20 жылдан ашуун убакыттан кийин чыгып отурат...

Эгерде эркек балдар чоң муштум “атамандыкты” талашса, кыздар арасында класста эки "державанын" “эне башылары” боло турган. "Эне башылыкка" өз "державасынын", "держава" мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын дайыма бийик койгон, адатта бала кездеги тил менен айтканда “чуйчук” (урушчаак) кыздар гана жарайт. Ошентип класстагы эки "эне башы" сентябрда окуу жылы башталары менен ар кимиси өз-өзүнчө чакырып, “кайсы тарапка оой турганымды” такташар эле. Мен да адатымча мага баары бир экенин, бир тарапка биротоло ооп кете албасымды, атамды да, апамды да, алардын тууган-уругун да бирдей көрөрүмдү айтып, калыс бойдон каларымды билдирүүдөн жадабас элем. Ачыгын айтканда апакем бизге ушинтип алдын-ала эле үйрөтүп койгон. “Силерге уят” дечү.

“Атаң көкташтык, демек биз жакта болушуң керек да”... “Апаң биз тараптын кызы, кыздар баары бир апасына жакын болот да” деген талаш-тартыш. Же мен Көк-Ташты көрүп, Сумсарда бир күн жашасамчы. Кандай болгон күндө да, жагымсыз көрүнүштөрдөн болгонун жашыра албайм. Мактаныч эмес, класстагы алдыңкылардын бири болгондон кийин, ар бир "держава" өз ийгилигинин тигилерден көбүрөк болушун каалашар эле. Жыйырма жылдан кийин классташтардын жолугушуусунда, албетте, муну эстеп бир жылмайып алдык деңизчи...

Балалык бир кыялым бар эле: “Качан көкташтык, сумсарлык деп бөлүнбөй калышат?” деген.

Эмичи? Эми менин майлыктарым бөлүнбөй калышыптыр. “Элүү жылда эл жаңы” деп бекер айтылбаса керек. Менин майлыктарым “көкташтык", "сумсарлык” дегенди азыр унутушкан. Кыз алышып, кыз беришип, той-топур, жамандык-жакшылыкты чогуу-чаран, атаандашпай эле өткөрүп калышкан.

Эскиче “раис”, азыркыча айыл өкмөт башчысы көкташтыкпы, сумсарлыкпы айырмасы жок. “Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан кармаса болду” деген принцип. Бирок эч качан жашыра албай турган, ал күндөрдөн калган бир чындык бар: дал ушул “державалык доордун” айынан канчалар кудалашпай калышкан, 1-Майдын канчалаган сүйүшкөн улан-кыздардын башы бирикпей калды. Канчалаган ири мушташ, канчалаган шайлоо жаңжалдары өттү: көкташтык же сумсарлык болгону үчүн эле эки тарап тең “өз уулдарын” ЧОҢ кылып шайлагылар келет...

Бүгүн болсо, жүрөгүмдү өйүгөн бир түпөйүл суроо бар: Бишкекте туулуп-өскөн кызымдын мен бир кезде эки "держава" ортосунда чайналгандай, азыркы Кыргызстандын баш оорусуна айланган регионализм оорусунун запкысын жебес бекен? Эсимде, жөжөм 4-5-класс окуп калган кези. Мектептен келип эле:
"Апа, мен оштукмунбу? Анда эмнеге эч Ошто жашабагам?", - дейт.

"Аны ким айтты сага? Сен Лебединовкада жашайсың, демек лебединовкалыксың", - деп маанайын байкап турам.

"Ии, - деп бир саам ойлонуп турду. - Бүгүн кыздар сурашты. Бишкекте төрөлгөм, бишкектикмин десем, “апаң-атаң Жалал-Абаддан болсо, анда сен оштук турбайсыңбы” дешти. Лебединовка Аламүдүн районунун шаарга жанаша жайгашкан көп улуттуу айылдарынын бири эмеспи. Класстагы 25 баланын 14-15и кыздар. Анын да ашып барса 4-5и кыргыздар...

Он бир жыл мурун кызымдын атасы экөөбүз ушул үйдү бешене тер менен тапкан каражатыбызга сатып алып, азганактай жүк менен көчүп келип, кубанычыбызга чек жок күн дале көз алдымда... Анда да ошондогу маанайыбызды 4 кабаттуу үйдө болгону 3 кыргыз үй-бүлө жашаса, анын бири астыбыздагы жашы элүүлөргө таяп калган кыргыз эже суу бүрккөнү эсимде. Келерибиз менен жолдошу экөө келе калышты. Канчага алдык, кантип алдык, кайда иштейбиз, канча жаштабыз - баарын тактагандан кийин “кайдан болосуңар?” дебеспи... “Жалал-Абаддан” дегенди угуп эле алиги эженин маанайы түштү, өзү да байкабай калды:

“Оштуктар акыркы жылдары аябай көбөйүп баратышат...” деп туруп калды. Биз да шалдая түштүк... Кантсе да жашы улуу, кыраакы байке, жылмалап, эженин калпыстыгын жууп-жайып, "көңүлгө албагыла” деп, үйүбүз куттуу-баяндуу болушун тилеп чыгып кетишти. Андан бери биз жашаган көп кабаттуу үйдө эч ким алмашкан жок... Болгону баягы эже маал-маалы менен улам бир кошуна менен мурчуюшуп калганы болбосо, калган кошуналарым жайдары, улутуна, жашына карабай ынтымакта, кадимки кошуналык мамиледе күн кечирип келебиз...

Кыскасын айтсам, менин да бир кыялым бар... Эми эч болбосо, менин чырагым ушул азыркы мендей куракка келгичекти кичинекей Кыргызстанда түндүк-түштүк маселеси “көкташтык-сумсарлык державаларындай" соолуп жок болсо экен...

Эми дагы бир энелик кыялым ушул эле... Мен студент кезде “Кокуй, дөңдөн (ашуудан бери Ош тарапты көздөй дегени) бери кулай бер, балам. Аркалыкка тийчү болсоң, “сарт келин” деп ат коюшат экен” деп кулактын кужурун жеген кеп-кеңештер биздин балдар үчүн жат болсо экен... Эртеңки күнү менин неберелерим “Апа, мен оштукмунбу? Анда эмнеге эч Ошто жашабагам?” деп келишпесе экен...

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА