Адилеттикке сөздүн күчү менен жетебиз

1963-жыл. 28-август. Бул күнү Мартин Лютер Кинг жалпы дүйнө элине кыялын айтып жар салды. Бул айтылган кыялдар жеке эле Мартиндин эмес, ошол убакта жакырчылык жанга батып, коомдо алардын пикири угулбай калгандардын жүрөк түпкүрүндөгү кыялы эле. Теңсиздиктин курмандыгы болгон "кара терилүүлөр" атыккан жарандардын кыялы эле.

Бул күнү теңсиздик, кемсинтүү, акыйкатсыздык жана эзүүчүлүктөн соолуп бараткандардын кыялын, каалоо-эңсөөсүн Мартин Лютер Кинг жалпы адамзат таасир алгыдай зор чеберчилик менен сөз кураштырып, ал өзү сыяктуу замандаштарына адилеттикти, азаттыкты, калыстыкты бийликтен талап кылды.

Расалык дискриминацияны жана теңсиздикти жоюу үчүн Мартин Лютер Кинг уюштурган жүрүштөр жана акциялар зордук-зомбулуксуз ишке ашты. Анын саясий акциясын жыйынтыктаган 20-кылымдын сөзүнө айланган "Менин бир кыялым" сөзү алсызга кубат берип, өчүп бара жаткан үмүт отун кайра жандандарды. Мындан улам Мартин 20-кылымдын оратору болуп калды.

Бул сөз адамзат тарыхындагы эң сонун учкул сөзгө айланды. Бул сөз америкалык актар менен караларды бириктирди. Бул сөз Америка коомунун өнүгүшүндө гана маанилүү роль ойнобостон, адамзат коомчулугуна да оң таасирин тийгизди. Бул сөз америка коомчулугун өзгөрттү.

Бүгүнкү күндө Американын президенти - кара терилүү Барак Обама. Бул жерде расалык теңсиздик үчүн күрөшкөн Кингдин үлүшү чоң. Анын демилгеси менен расалык укуктар, мыйзамдар каралып, кара терилүүлөр менен ак терилүү америкалыктар бирдей укуктарга ээ болушту. Бул Американы коркунучтуу жарандык согуштан куткарды. Жыйынтыгында Мартиндин сөзү менен кара терилүү америкалыктар жаркыраган эркиндикке, ийгиликке жетишти. Бирок бул Кингдин өзүн куткара алган жок. Ал коомдогу элдердин тең укуктуулугун сактоо үчүн курман болду. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" дегендей, Мартин азаттык курмандыгына айланса да «Менин кыялым» аттуу сөзү менен муздаган көңүлдөргө жылуулук, тоңгон жүрөктөргө гүл өндүрдү.

Ал кыялында Жоржиянын кызыл жошолуу дөңсөөлөрүндө кулдардын балдары менен кул ээлөөчүлөрдүн балдары бир үйдүн балдарындай болуп үстөлдө чогуу отурган күндү көргүсү келди.

Ал кыялында акыйкатсыздык жана эзүүчүлүк отунан алсырап бүткөн чөлдүү Миссисипи штатын азаттыктын жана акыйкаттыктын көк шиберине айланаарын көргүсү келди.

50 жыл илгери айтылган бул сөздөр кулчулуктун эзүүсүндө күн көргөндөрдүн кыялы болсо, бүгүн ал кыял реалдуу жашоого айланды. "Бир күнү сөзсүз эркин болоорбуз" деген Мартиндин кыялы орундалып, анын тукуму гүлдөгөн эркин доордо эркин жашоо кечирүүдө.

"Дайыма биз жер дүңгүрөткөн аттардын туяктарынын дүбүртүнөн, кылымдардын чаңын ызгыткан дабышынан улам тээ байыркы учурларды эстейбиз да, улам бир доордон башка доорлорго көз салып байыркынын саргайган барактарын кызыга барактай баштайбыз" дегендей, Мартин Кингдин сөздөрүнөн улам теңсиздик үчүн күрөшкөн элибиздин тарыхына саресеп салууга аргасыз болосуң. Демократ акын Токтогул Сатылганов да Мартин сыяктуу алдуулардын алсыздарга, байлардын кедейлерге үстөмдүк кылганын жар салбады беле. Кызыл тили чындыкты айтып, бирок чындыктын чынары көктөбөй өз жеринен куугунтукталган. Ошол доордогу мындай үстөмдүктүн учкундары бүгүн да жашап жатканын көрүп зээниң кейийт.

Байлар менен кедейлер, алдуулар менен алсыздар, карапайым калк менен аткаминерлер сыяктуу антонимдердин ортосундагы ажырым даана байкалып калгандай. Анткени теңсиздик, адилетсиздик жапасын чеккендер 2005-2010-жылы көтөрүлүп, өз укуктарын талашып чыкты. Бирок Мартин сыяктуу кыялдагыдай жашоого талапты зомбулуксуз, күч аракетсиз, сөздүн күчү менен койбостон, тескерисинче, ур-токмокко өттүк. Алар чогуу эмгектенип, бирге күрөшүп, бирге түрмөгө түшө алабыз жана эркиндигибизди чогуу коргой алабыз деп бир бүтүнгө айланышкан. А биз бириге албай бириндеп, ынтымакташа албай ыдырап, ур-токмокко алынып, бейкүнөө боордошторубуздун жаны окко учту.

Ооба, уткандар утту, бирок эки револиция бизге эмне берди? Баягы тызылдап жүгүргөн катардагы дыйкан, багбан, чабан койчулар ошол эле жашоонун кучагынан чыга албады. Окко учкан бейкүнөө кыргыз жигиттери да карапайым элдин уулдары. Мартин сыяктуу бир фразанын негизинде укугубузду талашпай, колубузду көтөрүп, Ак үйдү талап-тоноого өттүк.

Карга карганын көзүн чокубайт. Ал эми адамчы? Кыргыз болуп тытышабыз, чукушабыз, жердеш туруп, элдеш туруп бири-бирибизди түндүк-түштүк деп жерийбиз. Эмнеге?

Кара өзгөй күчтөрдүн айынан бир эмес, эки ирет өлкөбүздө улуттар аралык кагылышуу болду. Бейкүнөө адамдар набыт болуп, энелердин көз жашы акты. Бирок кара өзгөйлөрдүн ою ишке ашпай, алардын көксөгөн максаты жүз бербеди. Жыйынтыгында ар бир жарандын жүрөгүндө так, көңүлүндө кас калгандай.

Мен ишенем, бир күн келип, биз да түндүк-түштүк ажырымын жоюп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымыбызды кошобуз.

Мен ишенем, бир күн келип, жогоруда айткан жүрөктөгү тактар өчүп, кастар кетип бири-бирибизге болгон сыйыбыз артып, бардык улуттар бир асабанын алдында чогулуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымыбызды кошобуз.

Мен ишенем, бир күн келип, кыргыз үчүн кара башын канжыгага сайып койгон Манас атанын урпактары бөтөн жерде нан издебей, өз өлкөсүндө, Ала-Тоо койнунда, жакындарынын кучагында жашоо кечирээрине.

Бир күн келип, Мартин сыяктуу кыргыз жигити жогорудагы ишенимдеримди ишке ашырат деп кыялданам.

Сманова Гулвира, Ош облусу