ГЭСтердин тизгинин Орусия тартабы?

Жогорку Нарында курула турган 4 ГЭCтин пайдубалына капсула салуу аземинде президент Алмазбек Атамбаев жана “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод, 27-октябрь, 2012-жыл

Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Орусия менен долбоорлор Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн.
Энергетикалык долбоорду бекитүү боюнча мыйзамды талкуулоодо бир катар депутаттар анын айрым бир шарттарын кайра карап чыгуу маселесин көтөрүүдө. Бирок бул ири инвестициялык долбоорго Кыргызстандын каржылык салымы дээрлик жок болгондуктан, арга жок макул болууга туура келет деген депутаттар тобу да бар.

Аталган макулдашуудагы талаш жараткан маселе курула турган ГЭСтерге кожоюндук кылуудагы теңшериктик шарттарынын бузулушуна байланыштуу болду. Анда элүү пайыз үлүштөн сырткары курулуштар өзүн-өзү актаганга чейин Орусияга Кыргызстандын 25 пайыз акциясы белгисиз мөөнөткө өткөрүлүп берилери көрсөтүлгөн.

Ошондой эле курулуштун жүрүшүндөгү техногендик жана башка ар кандай кокустуктар үчүн жоопкерчилик Кыргызстандын мойнуна артылган. Макулдашууга ылайык, Жогорку Нарын каскадынын жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкаруу курамынын үчтөн экиси да Орусия тараптан дайындалат.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстан муну менен суу ресурстарына болгон кожоюндугун жоготот деп кооптонот:

- 50-50 пайыз болгондо кайсы бир талаштуу маселени бизсиз алар чече албаган, алардын макулдугусуз биз чече албай турган жагдай болмок. Ошондо чогуу эки тараптын тең кызыкчылыгына карата чечимдер болмок. Эми минтип 75 пайызды кармата берүү бери дегенде алар чечим кабыл алууда бизден бир нерсени дагы сурап койбойт. Мисалы, Орусиянын бийлиги Ташкенге барып, Камбар-Атанын экспертизасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биздикилерди сылыктык үчүн ага чакырып да койгон жок. Минтип отурса биз колубуздагы эң маанилүү рычагды башка бирөөгө өткөрүп берип койобуз. Анан алар өзүнүн кызыкчылыгына жараша маселе чече турган болуп калат.

Мына ушуга байланыштуу парламенттин айрым депутаттары аталган макулдашууну бекитүү боюнча мыйзамды коомдук талкууга чыгарууга кызыкдар. Анда каралган шарттар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына доо кетирет деген негиз менен курула турган ГЭСтерди башкаруу жана добуш берүү укугу боюнча маселени кайрадан карап чыгуу жагы сунушталды.

Акча бергендин үнү катуу чыгат

Бирок көпчүлүк депутаттар макулдашуунун шарттары мамлекеттин түпкүлүктүү кызыкчылыктарына каршы келбей турганын айтып чыгышты. Анткени Орусия ГЭСтердин курулушуна каражат табууну өзүнүн мойнуна алган.

2009-жылкы макулдашууда 1,2 миллиард долларга бааланган Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана азырынча наркы бычыла элек 8 чакан ГЭСтен турчу Жогорку Нарын каскадынын курулушуна болжол менен эки миллиард доллардан ашуун каражат жумшалышы мүмкүн. Мындай ири инвестициялык салымдын шарттары андан жеңил болушу мүмкүн эмес деп билдирди парламенттин башка бир депутаты Алмазбек Батырбеков:

- Негизи макулдашуунун шарттары Кыргызстандын энергетика жана экономика жаатындагы жоон топ адистери тарабынан талданып чыккандан кийин ага кол коюлду. Бул жерде жетиштүү кызыкчылык камтылган. Эгерде антпесек мындай ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес.

Аталган макулдашууну бекитүү боюнча мыйзам долбоору 29-декабрдагы парламент жыйынында күтүүсүздөн күн тартибине коюлду. Бир катар талаш-тартыштардан соң мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Эреже боюнча эл аралык макулдашууну бекитүү боюнча мыйзам долбоору үч окуудан кийин толук кабыл алынат.

Адистер узак мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы насыя алуу менен ал ГЭСтерди Кыргызстан өзү курса болмок дешет. Бирок курулушту жүргүзүүгө чамасы чак Кыргызстан үчүн макулдашууда көрсөтүлгөн шарттар өтө деле ыңгайсыз эмес деди энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев:

- Бул маселенин бир жагынан мааниси экинчи жагынан кийин келечекте пайда боло турган оорчулугу дагы бар. Негизи биздин өкмөт ири өлчөмдө насыя алып туруп, өзү эле мына ушул долбоорлорду ишке ашырганда Кыргызстан эч кимге көз каранды болмок эмес. Бирок эми мына ошондой акчаны табыш, тапкандан кийин аны натыйжалуу өздөштүрүш биздин шартта оор көйгөй болуп жатпайбы. Ошондуктан ачыгын айтканда мына ушундай катаал шарттары менен болсо деле ал ГЭСтерди курдуртуп алууга мажбурбуз. Болбосо биздин энергетикалык көз карандылыгыбыз андан бетер оор абалда калышы мүмкүн.

Өткөн жылы 20-сентябрда Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Бишкекте макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Жогорку Нарын каскадын “Русгидро” компаниясы жана Камбар-Ата-1 ГЭСин экинчи бир орусиялык «ИнтерРАО ЕЭС» ишканасы курмакчы.