Доллардын кымбатташы экономиканы алсыратабы?

Иллюстрация

Сомдун тынымсыз арзандоосун токтотуу үчүн Улуттук банк акыркы күндөрү эки жолу интервенция жасады. Бул чара доллардын өсүүсүн токтотуп, акча алмаштыруу жайларында бир доллар 70 сом 10 тыйындан сатыла баштады.

Улуттук банк июнь айынан бери валюта базарына интервенция менен чыга элек болчу. Август айында казак теңгеси эркин агымга коюлуп, анын таасири менен сомдун күчү кете баштаганда да кийлигишкен эмес. Бирок акыркы күндөрү бир доллардын баасы 72 сомдон аша баштаганда эки жолу интервенция менен чыгып, сомдун андан ары арзандоосуна бөгөт коюуга киришти.

Улуттук банк акча алмаштыруу жайларындагы дүрбөлөңгө жакындаган суроо-талапты басаңдатуу үчүн 14-сентябрда 17 млн. 600 миң, 16-сентябрда 18 млн. 270 миң доллар интервенция жасады. Бул аракет доллардын сатуудагы курсунун 72 сом 50 тыйындан 70 сом 10 тыйынга түшүүсүнө алып келди. Август айынын экинчи жарымынан кийин доллардын курсу 63 сомдун тегерегинде болуп жатканын эске алсак, бир айдын ичинде долларга карата сом 10% ашуунга арзандаганы байкалат.

Улуттук банктын бул эки интервенциясы Орусиянын валюта базарында рублдин курсунун долларга карай бекемделүүсү менен дал келди. Белгилүү болгондой, орус валютасынын бекемделүүсү сомдун туруктуулугуна оң таасирин тийгизет. Ошондуктан доллардын курсунун бир аз төмөндөөсүн Улуттук банктын интервенциясы жана орус валюта базарындагы тенденция менен да байланыштырууга болот.

Рубль Кыргызстанда да бекемделип, бир рублдин сатуудагы баасы 1 сом 10 тыйынга чыкты. Рублдин бекемделүүсү Кыргызстандын экспортерлору жана эмгек мигранттары үчүн пайдалуу экени белгилүү.

Бирок да Орусия, Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн валюталарынын абалы АКШнын Федералдык резервдик системасынын бүгүн кабыл ала турган чечимине жараша болорун адистер белгилеп жатышат.

Маалым болгондой, бул күндөрү Федералдык резервдик система 2006-жылдан бери сакталып келаткан доллардын жылдык үстөк пайызын 0.25% көтөрүү же ордунда калтыруу маселесин талкуулап жатат. Эгерде АКШ үстөк пайызды көтөрүүнү чечсе, анда доллар кымбаттоосун улантат.

АКШнын Федералдык резервдик системасы үстөк пайызды көтөрүүсү өнүгүп келаткан өлкөлөрдү дагы бир будуң-чаңга саларын Дүйнөлүк банк да эскертти.

Ош базары

Кыргызстандык финансылык эксперт Умбриэл Темиралиев АКШнын Федералдык системасы үстөк пайызды көтөрүүгө барса, өнүгүп келаткан өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга терс таасирин тийгизет дейт:

- Андай болсо баарыбызга таасири тиет. Орусия, Казакстан, Кыргызстанга, өнүгүп келаткан өлкөлөргө тиет. Ошондуктан АКШнын мына ушундай саясаты, экинчи жагынан биздин экономикадагы структуралык проблемаларыбыз биригип келип, сомго абдан эле катуу басым болот.

Темиралиев кыргыз экономикасындагы проблемалар катары экспорттун импорттон төмөндүгүн, эмгек мигранттарынан акча которуусунун кыскаруусун, инвестициянын аздыгын атап, мына ушулар сомдун курсуна таасир эткен негизги факторлор экенин белгиледи. "Мындай шартта Улуттук банктын интервенциялары убактылуу гана таасирге ээ болот", дейт Темиралиев.

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев сомдун курсунун төмөндөөсүн орус рублинин таасиринен көрөт:

- Биздин проблема - рубль жана ЕЭАБ. Евразия экономикалык биримдигине кирүү аракеттерибиз таасирин тийгизип атат. Анткени биздин экономикабыз рублдин өтө катуу таасиринде калып, рубль арзандаганда сом дагы арзандап жатат.

Эмил Үмөталиев кошуна мамлекеттер валюталарын арзандатып жатканда кыргыз бийлигинин, Улуттук банктын сомдун арзандоосуна жол бергенин туура баалады. Анын пикиринде, сомду туруктуу кармоо саясаты валюталык резервдин түгөнүүсүнө, экономиканын атаандаштыкка жөндөмсүз болушуна алып келет. Бирок ошол эле учурда республика импорттон көп көз каранды болгондуктан, валюта саясатында баланс сакталыш керек.