Балык чыдап бакканды байытат

Чүй облусунун Панфилов районундагы балык чарбалардын биринде жумуш кызыган учур. Мында жилингир (форель) багылат. Күзүндө көлмөдө суунун агымы азайгандыктан, жаш балыктарды бассейнге көчүрүү иши жүрүп жатат. 

Балык чарба 2017-жылы негизделген. Жылына 100 тоннага чейин балык өстүрүлөт.

Мында балык багуу боюнча атайын билимдүү кызматкер эмгектенет. 

Көлмөнүн тереңдиги 10 метр. Балыктар атайын тордо багылат. 

Форель агымга каршы сүзгөн балык. Шар аккан сууда багуу керек. Канчалык көп кыймылдаса, ошончолук бат чоңоёт. ​Эти да даамдуу болот.

Кыргызстан форель балыгын өстүрүүгө ыңгайлуу жер дешет адистер. Анткени суусу муздак, шар аккан дарыялар көп. 

Форель жырткыч балыктардын түрүнө кирет. Өз убагында жем берилбесе, тар бассейнде бирин-бири жеп салышы мүмкүн.

Балыкчы Табылды Мамбеталиев саясат, Интернеттеги топ жарган жаңылыктар менен деле иши жок. Ал үчүн көлмөдөгү балыктары маанилүү. 

Бир килограмм балык 450-500 сомго бааланат. Бул чарбанын кардарлары азырынча жергиликтүү тургундар.

Көйкөлө сүзгөн каздар көлмөнүн көркү. 

Балык чарба жайгашкан көлмөдө жапайы балыктар да кездешет. Андыктан балык уулоочуларды чарбанын чар тарабынан көрүүгө болот. 

Кооз табияттын коюнунда балык бакканга эмне жетсин? 

Балык багуу кирешелүү бизнес. Ишкерлер заман талабына жооп берген ыкмалар менен балык багат. Автоунааларды атайын жабдыктар менен камсыздап, балыктарды тирүү бойдон Ош, Бишкек шаарларындагы кардарларына жеткиришет.  

Форель багууда жаңы технологиялар менен камсыздалган бассейндер пайдаланылууда. 

Түркиядан алып келинген икралар, бул муздаткычтуу аппаратта эки жумада майда чабакка айланат.

Бир айлык балыктар кичинекей бассейндерде багылат. Чоңойгон сайын көлөмү чоң бассейндерге которулат. Эң чоңдору көлмөдө кармалат. 

Балыктар 24 саат бою көзөмөлдө. Ал үчүн атайын камералар орнотулган.

Балыктар пайдалуу азыктар менен багылат.

Кыргызстанда багылган жилингирдин салмагы быр жылда эле 1-1,5 килограммга жетет.  

"Балык баксаң түнү-күнү тынчыбайсың. Таңкы саат бештен баштап кечке чейин жем беребиз. Кичинекейлерине саат сайын, чоңдоруна үч саатта бир берилет. Балыкты баладай эле караш керек. Антпесе, ооруп калат" - дейт балыкчы Ринат Бектемиров. Ал мында чарба ачылгандан бери иштейт. 

Жумуштан чаалыккан балыкчылар өзөк жалгап жатышат. 

Балык жана андан жасалган азыктар баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Британдык диетолог Кассандра Барнс балыкты мээге пайдалуу алты азыктын катарына кошкон. Ар бир киши жумасына бир жолу балык жеп турушу зарыл. Бирок Кыргызстанда балыкка караганда эт көп желет. 

Өлкөдө акыркы учурда балык чарбачылыгы өнүгө баштады. Балыктан баар таап, байыгандар да арбын. Анткени ал кирешелүү бизнес. Бир форель 500 сомго бааланат. Балыктарды миңдей кылып көбөйтүп миллиондогон киреше тапса болот.