Байматов: Матяш эртеңки оюнда өзүн көрсөтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жараат алганына байланыштуу Азия биринчилигинде ойнобой калган Кыргызстандын футбол курамасынын капитаны Азамат Байматов Бириккен Араб Эмирлигине келди. Ал Кытай менен болгон соңку беттешүү, Кыргызстандын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана дарбазачы Павел Матяштын оюну тууралуу суроолорго жооп берди.