Чубак ажы Жалилов: Ислам адам өлтүрүүгө каршы

Франциядагы "Шарли Эбдо" журналынын редакциясына кол салууну айыптап, бир катар диниятчылар билдирүү таратышты. "Азаттык" кандуу окуя тууралуу ислам аалымы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун пикирине кызыкты.

“Азаттык”: Сиздин баамыңызда, Париждеги террордук чабуулду кыргыз мусулман коомчулугу кандай кабылдап жатат?

Чубак ажы Жалилов: Кыргызстандын мусулман коомчулугунда толук маалымат азырынча жок. 2-3 күндө бардык мусулмандарга толук маалымат жетет. Анткени бардыгы эле интернетти колдонуп жаткан жери жок. Бирок мусулмандар арасында лидер болуп жүргөндөрдүн баары эле кабардар деп ойлойм.

Албетте мусулмандарга баш-көз болуп жаткан адамдар илимдин негизинде көз жүгүртөт. Ошондуктан бул нерсеге ичтеринен күйүп-ташыган менен, туура эмес аракеттерге дайыма өздөрүн каршылыктарын көрсөтүп келет деп ойлойм. Муну Франциянын өзүндөгү диний лидерлердин аракеттеринен баамдасак болот.

“Азаттык”: Белгилүү болгондой, ислам дини адам өлтүрүүгө, зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршы. Бирок интернеттеги социалдык тармактарда, айрым сайттарда жарыяланган пикирлерге абай салсак, өзүн мусулман эсептеген айрым кишилер бул чабуулду жактагандай, журналдын кызматкерлерин табалагандай маанайдагы пикирлерди да калтырууда. Албетте бул ар бир адамдын өз пикири деңизчи, бирок бул чыныгы мусулманчылыкка жатабы?

Чубак ажы Жалилов: Ислам дини каалаган жерде, көрүнгөн адамды өлтүрүүгө каршы. Бирок ислам дининде өлүм жазасы деген түшүнүк бар. Адам башка бирөөнү өлтүрсө, мыкаачылык кылса ага карата ошондой жаза колдонулат.

Ошондой эле ислам сотунун пикири боюнча, пайгамбарды маскаралап, шылдыңдап, ошондой эле көптөгөн мусулмандардын жан дүйнөсүн жабыркаткандыгы үчүн ал адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бирок ал расмий ислам соту аркылуу ишке ашырылат. Өз алдынча соттоп, өзү өлтүрө бергенди ислам жектейт. Ал гана эмес, ислам мамлекеттеринде да өлүм жазасына тартылган адамды соттун уруксаты жок өлтүргөн адамдын өзүнө карата жаза колдонулат. Себеби ал жаза берүү процессин туура эмес жол менен ишке ашырды деп айыпталат.

Экинчиден, чабуулду мусулмандар кылып атат деген сөздөр шектенүүнү туудурат. Анткени учурда Франция мусулмандардын санынын күндөн-күнгө өсүүсү жагынан алганда дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Ошол жерде мусулмандарды жаман көрсөтүүнү көксөгөн адамдар да ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кара ниеттүү адамдарды “Алла акбар” деп кыйкыртып, “пайгамбар үчүн өч алдык” деп айттырышы мүмкүн. Муну мусулмандарга каршы чабуул деп түшүнөм. Мунун артында мусулман кейпин кийген, сатылып кеткен адамдар турушу мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстанда да соңку кездери диний-экстремисттик маанайдагы тыюу салынган уюмдар активдешип жатат. Ушундай чочулоолорго негиз барбы?

Чубак ажы Жалилов: Бар. Мисалы, буга чейин ошондой радикалдык көз караштагылар үч милиция кызматкерин атып өлтүрүшкөн. Кээде диндин өзүндө туура сөздү айтып жатсаң ошого каршы чыгып, динди кармайм деп чектен чыгып кеткен радикалдар атүгүл бизге коркунуч туудурган учурлар болуп турат. Муну биз элге ачык айтпаганыбыз менен кээде сезип калабыз. “Аның туура эмес, мындай туура болот” десең ал өзүнүн пикирине каршы келгендерге орой мамиле жасаган учурлар бар. Ошондуктан мамлекет муфтият менен тыгыз кызматташып, ММК аркылуу салттуу исламды түшүндүрүш керек. Радикалдык көз караштагыларды камап, коркутуу менен бул маселе чечилип калбайт.