Александр Барыкиндин зыйнаты

Маркумдун зыйнаты 26-январда Каракол шаарындагы Ыйык Троица чиркөөсүндө өттү. 

Ага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев, облус башчысы Эмилбек Каптагаев баштаган бийлик өкүлдөрү да катышты. 

Маркум чек арадагы эрдиги үчүн "Эрдик" медалына көрсөтүлдү.

Мергенчи Барыкин 23-январда кыргыз-кытай чек арасын бузуп киргендер менен кармашта каза тапкан.

Маркумдун жакындары.