Медицинадагы былтыркы беш ийгилик

Баткендеги сергек жашоо акциясы.

2018-жылы саламаттык сактоо тармагында бир катар жетишкендиктер болду. Кайра калыбына келтирүүчү, пластикалык хирургдар тобу Кыргызстанда алгач ирет бионикалык колдун протезин чыгарса, Индиядан онкологиялык ооруларды нур менен дарылоочу "Бабатрон" жабдуусу алып келинди.

Бионикалык кол жасалды

60-жылдары колсуз калгандарга эстетикалык гана сырткы келбетти бериш үчүн жасалма кол тагылса, 2014-жылдан тартып манжаларындагы нейрондору иштеген алгачкы бионикалык робот кол иштелип чыккан.

Кыргызстандык хирургдар мындай колду жасоону 2017-жылы баштап, 2018-жылы жай айларында Алия аттуу өспүрүм кызга тагып көрүштү. Алты адамдан турган микрохирургдардын тобун жетектеген Султан Тукешов долбоор боюнча буларды билдирди:

Султан Тукешов.

- Биз видеодо көрсөткөн Алиянын колуна такчу протез менен аябай көпкө иштедик. Себеби, аны мыкты кылуунун абдан көп машакаты бар экен. Азыр эми аны купулубузга толгудай кылып жасап бүтүп калдык. Буюрса жакында Алияга толугу менен тапшырып беребиз. Бирок бул жетишкендик менен эле чектелбей, биз жакында жаңы шаймандарды алдык. Алардын жардамы менен бионикалык колдун сырткы материалдарын адамга жагымдуу кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Келечекке койгон пландарыбыз аябай чоң. Акырындык менен Кыргызстандагы бионикалык протездөө тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаралы деген оюбуз бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы алгачкы бионикалык кол

Бишкекте эки кишинин бөйрөгү алмаштырылды

2018-жылы кыргыз медиктери жетишкен дагы бир ийгилик бөйрөк трансплантациясынын өз өлкөбүздө ишке ашканы болду. Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда 24-майда Ысык-Көлдөн келген 26 жаштагы Нурлан аттуу жигитке бөйрөк трансплантациясы жасалды. Аны алгач ирет чет элдик адистердин жардамына таянбастан жергиликтүү дарыгерлер жүргүзүштү.

Буга чейин 2012-жылдан бери чет элден келген адистердин жетеги алдында 18 кишинин бөйрөгү алмаштырылган. Андан кийин дагы канча операция жасалганын жана бейтаптын акыбалын сурап кайрылганыбызда борбордун директору Камчыбек Узакбаев 2018-жылдын ноябрь айында дагы бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу ийгиликтүү ишке ашканын маалымдады:

- Мындан үч жума мурда биз бөйрөгүн алмаштырган дагы бир бейтап үйүнө жакшы болуп чыкты. Ага ноябрь айында операция жасаган элек. Азыр иммуносупрестордук дарыларды ичип жатат. Кыргызстанда мындай дарыларды алып келүү маселеси да акырындап чечиле баштады. Май айында биз трансплантация жасаган Нурландын акыбалы да абдан жакшы. Буюрса жыл жаңырса январь айында дагы бир адамдын бөйрөгүн алмаштыралы деп турабыз. Мындан тышкары, германиялык фонддордун жардамы менен тубаса кулагы укпаган алты балага кохлеардык имплант жабдуусун койдук.

Азыркы тапта Кыргызстанда бөйрөк кемтигинен жабыркагандар гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Алардын саны миңден ашык. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан андай адамдар 30-40 миң доллар топтоп, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур болушууда. Ал эми Кыргызстандын шартында ишке ашкан бул эки трансплантациянын жалпы баасы 5 миң доллардын тегерегинде болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштырды

Өсмөнү дарылаган “Бабатрон” жабдуусу келди

Бишкектеги Онкология жана гематология борборунда 2018-жылдын март айынан тартып өсмө (рак) ооруларын нур менен дарылоочу “Бабатрон-2” жабдуусу ишке берилди. Аталган борбордун директору Эрнист Тилеков бул жабдуу 2017-жылдын сентябрь айында эле келерин "Азаттыкка" кабарлаган эле. Бирок бул иш создугуп отуруп, акыры 2018-жылдын башында ишке ашты. Эрнист Тилеков "Азаттыкка" "Бабатрон-2" жабдуусунан бир нече айдын ичинде 600дөй киши терапия алганын билдирди:

Эрнист Тилеков.

- Индия бизге гуманитардык жардам катары гамма-нур терапиясын өткөрүүчү "Бабатрон" жабдуусун орнотуп берген. Коюлган күндөн бери бизге бул жабдуунун жардамы аябай тийди. Бейтаптарыбызды дарылап жатабыз. Азыркы күндө "Бабатрон-2" жабдуусунан 600дөй адам терапия алды. Аппаратыбыз эки нөөмөттө иштеп жатат. Кошумчалап кете турган нерсе - бул жабдуулар өтө назик жана татаал болгондуктан, маал-маалы менен профилактикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп турушу керек. Бул багытта да индус медиктери, техниктери бизге жардам беришүүдө. Алар Индиядан келип, үч ай сайын бир апталык тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол убакта бейтаптар кичине күтүп калышат.

Кыргызстанда азыр 25 миңден ашуун адам ар түрдүү залалдуу шишик оорулары менен каттоодо турат. Жылына 5 миңден ашык кишиге бул илдеттин диагнозу коюлуп, алардын үч жарым миңден ашууну бир жылга жетпей каза болуп калууда. Адистер муну оорулуулар өсмөнүн 3-4-стадиясында адистерге кайрылганы, өлкөдө дары-дармектин, дартты аныктоочу лабораториялардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт.​

Өсмөдөн айыккан балдар

Ал арада 2018-жылы өсмө оорусун жеңген кичинекей кыргызстандыктар Москвадагы спорттук мелдештерде да ийгиликке жетишти. Алар спорттун алты түрүнөн жети медаль жеңип алышты. Бир жыл мурда оору менен алышкан балдар жана алардын ата-энелери бул жеңишке кубанып, ага “Азаттык” да күбө болгон эле.

Балдарды дарылаган онкологдор Кыргызстанда өсмө диагнозу коюлган наристелердин 70-80 пайызы айыгарын айтышууда. "Жардам берүү оңой" фондунун жетекчиси Динара Аляева бул сыяктуу мелдештер оору менен алышып, аны жеңген балдар үчүн эбегейсиз шык берерин айткан.

- Биринчи жолу катышып эле дароо жети медалга ээ болдук, - деди ал. - Балдар чуркоо, футбол, сууда сүзүү өңдүү спорттун алты түрүнөн ат салышты. Эки алтын, үч күмүш жана эки коло медал алышты. Бизди колдоп жана көмөк көрсөткөндөрдүн баарына алкыш айтабыз. Менимче бул мелдеш ата-энелерге ишенич тартуулайт. Өсмөнү жеңсе болот. Биз абдан кубанып жатабыз.

Өсмөнү жеңип, эл аралык спорттук мелдеште ийгиликке жетишкен балдардын бири, 11 жаштагы Мадинанын апасы Гүлзат Жапанова кызы Москвадагы эл аралык мелдеште Кыргызстандын кызыл туусун көтөрүп чыкканына сыймыктанып, ооруну кантип жеңгенин көзүнө жаш ала эскерип отурду:

- Башка салса айла жок, мындай оор диагнозду да көтөрөт экенсиң. Мен алты айда араң өзүмө келдим. Кызым жакшы болуп, төшөктөн туруп, басып калганда анан элге аралашып, өзүмдү жакшы сезе баштадым. Ошондо араң жүрөгүмдө ишенич пайда болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ракты жеңген балдардын спорттогу ийгилиги

АКШнын Кардиологдор бирикмесине мүчө болгон кыргыз окумуштуусу

2018-жыл аяктап баратканда Америкадагы Кардиологдор коллежинен Кыргызстанга жагымдуу кабар келди. Кыргызстандык кардиолог Дамир Осмонов аталган бирикмеге мүчө катары кабыл алынды. Аталган коллеж дүйнөлүк кардиологдор менен кардиохирургдардын жогорку мектеби болуп эсептелет. Ал 1949-жылы Вашингтондо ачылган.

36 жаштагы Дамир Осмонов Кыргызстандан Европа кардиологдор коомуна кирген окумуштуу болуп саналат. Ал Анкарадагы Хажеттепе университетинин медицина факультетин бүтүрүп, Кыргызстанда эмгектенүүдө. Өз ийгилиги тууралуу Осмонов “Азаттыкка” буларды айтты:

Дамир Осмонов.

- Бул бирикме - АКШдагы жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылаган эң маанилүү уюмдардын бири. Жылына бир ирет ага мүчө болгон окумуштуулар чогулуп турушат. Ошол бир жылдын ичинде жүрөк ооруларын дарылоо жаатында маанилүү окуялар болсо, дарылоонун жаңы ыкмалары чыкса дарыгерлер бири-бирине айтып берип, тажрыйба алмашып, ар түрдүү жаңы нускамалар чыгат. “Сөзсүз түрдө нускамаларды дарылоодо колдонуу керек” деген принцип жок. Ошентсе да окумуштуулар бейтаптарга аларды колдонууда бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бирикмеге кирүү да бир топ түйшүктүү. Ал үчүн анын эки мүчөсүнөн сунуштама кат алып, жасаган иштериңдин баары тууралуу маалымат бериш керек. Мен буга чейин Европанын Жүрөк дарыгерлер ассоциациясынын конференцияларына да такай катышып, Лондондо 2014-жылы илимий конференцияда модераторлук милдет аткарганмын. Ушунун баары эске алынды окшойт. Дагы бир жакшы жаңылык - жыл аяктап баратканда мага “Евразия Экономикалык Биримдигинин 2018-жылдагы мыкты дарыгери” деген да наам келди.

Мындан тышкары, 2018-жылы бир нече жаңы ФАПтар ачылып, Баткен облусунда "Саламат" аттуу гемодиализдик борбор ишке берилди. Заманбап техника менен жабдылган борборго ангиограф жабдуусу да коюлган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен 2018-жылы сентябрда Дүйнөлүк III көчмөндөр оюндарын чылымсыз өткөрүү демилгеси ишке ашты.

Тилекке каршы, саламаттык сактоо тармагында бир топ мүчүлүштүктөр, көйгөйлөр да болбой койгон жок. 2018-жылы айрыкча аялдардын саламаттыгы, эне-баланын өлүмдөрү катталды.

Саламаттык сактоо тармагында тамыр жайган коррупция эл оозунан түшкөн жок. 2018-жылдын декабрында саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк банк берген каражаттын эсебинен сатып алган кымбат баалуу жолтандабас социалдык тармактарда кызуу талкууланды.

Дагы караңыз Аткаминерлерди актандырган машинелер

Мындан тышкары, Бишкектеги бейтапканаларды оптимизациялоо боюнча жаңы саясат дарыгерлердин бир топ нааразычылыгын жаратты. 2019-жылы "Дени сак коом - өнүккөн келечек" аттуу жаңы стратегиялык программа башталары айтылууда. Ага ылайык жугуштуу эмес жүрөк-кан тамыр илдеттеринин, кант диабетинин, онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча жаңы багыттар ачылмакчы. Бул оорулар Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн жарымынан көбүнө себеп болуп жатат.

Кыргызстандыктардын психикалык саламаттыгына кам көрө турган психиатриялык жардамды модернизациялоо боюнча улуттук программа 2019-жылы башталат. Бирок бул тармакта психиатр, психолог адистердин жетишсиздигинен улам программаны ишке ашырууга бейтапканалардын медайымдары, ФАПтардагы кызматкерлер да тартылары айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.