Мекендештер хоккейчи кыздарга форма салышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Быйыл жыл башында "Азаттык" өлкөдөгү кыздардан түзүлгөн жалгыз хоккей командасы тууралуу тасма тарткан. Анда кыздар формасы жок болгондуктан мелдештерге катыша албай жатканын баяндаганбыз. Тасманы "Азаттыктан" көргөн Швейцариядагы мекендештер кыздар үчүн формаларды чогултуп, бир апта мурда Кыргызстанга жиберди. "Азаттык" хоккейчи кыздар жашаган Ысык-Көл облусундагы Отрадное айылына барып келди.