Криминал аралашкан мүлк талаш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин четиндеги Гончарная көчөсү №59 курулган үйдөн батир алган он чакты үй-бүлө талаада калганы турат. Алардын баары эптеп карызга турак жай алып, карыздан чекесинен кутулуп жаткан. Азыр ал турак жай турган жердин ээси башка болуп чыгып, алардан батирлерди бошотууну талап кылууда. Бул үй-бүлөлөргө батирди ким саткан? Жер талашкан ишкерлер, криминал аралашкан чырдын кесепетинен жөнөкөй жарандар үч-төрт жылдап иштеген каражатынан айрылабы? Программа даярдалып бүткөн убакта ал үйдүн жарыгын өчүрүп кетишкени белгилүү болду.